МАКЕДОНИЯ (Байыркы): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАКЕДОНИЯ Байыркы - Балкан ж. а-н-дагы кул ээлик мамлекет (биздин заманга чейинки 5-2-к.). Филип Пнин тушунда (биздин замандын чг 359-336) Хороней жанындагы салгылаштан (биздин заманга чейинки 338) жана Панэллин (Коринф) конгрессинен кийин Грекияда өз үстөмдүгүн орноткон. Александр Македонскийдин убагында (биздин заманга чейинки 336-323) анын чыгышка жасаган баскынчылык жортуулдарынын (Ахемениддер мамлекетин ж. б. коңшу өлкөлөрдү каратуунун) натыйжасында түзүлгөн дүйнөлүк державанын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 3-к-да Мененын ээликтери Балкан ж. а. менен гана чектелген. Биздин заманга чейинки 214-жылдан Рим менен таймашка түшүп, үч жолу (биздин заманга чейинки 215-205, 200-197, 171- 168) согушкан жана биздин заманга чейинки 148-ж. жеңилип, Рим провинциясына айланган.