МАКЕДОНИЯ (мамлекет): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 55-сап: | 55-сап: | ||
<p>Ад.: Памятники культуры. Сербия. Македония. [Белград, 1958]; <em>Белоусов В. Н.</em> Современная архитектура Югославии. 2-е изд. М., 1986; Музиката на почвата музика. Пула, 1986; <em>Вагапова Н.</em> Драматический триптих Г. <em>Стефановского//Стефановский Г.</em> Янебаламут [и другие пьесы]. М., 1987; Македония// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. </p> | <p>Ад.: Памятники культуры. Сербия. Македония. [Белград, 1958]; <em>Белоусов В. Н.</em> Современная архитектура Югославии. 2-е изд. М., 1986; Музиката на почвата музика. Пула, 1986; <em>Вагапова Н.</em> Драматический триптих Г. <em>Стефановского//Стефановский Г.</em> Янебаламут [и другие пьесы]. М., 1987; Македония// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАКЕДОНИЯ (Македонща), Македония Республикасы (Република Македони)а) - Европадагы мамлекет, Балкан ж. а-нда. Батышынан Албания, түндүгүнөн Сербия, чыгышынан Болгария, түштүгүнөн Грекия менен чектешет.

Аянты 25,7 миң км.2. Калкы 2,1 миллион (2011). Борбору - Скопье ш. Администрациялык-аймактык жактан 84 жамаатка бөлүнөт (2004-жылдан). Акча бирдиги - динар.
М. - БУУнун (1993), ЭВФтин (1993), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1993), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (1995), Европа советинин (1995), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш
республика. Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Чогулуш). Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: М. улуттук биримдик демокр. партиясы - М. революциялык уюму, М. социал-демокр. союзу, Интеграция үчүн демокр. союз.
Т а б и я т ы. Жери тоолуу; анда негизинен орто бийиктиктеги келки тоо массивдери (өлкөнүн аймагынын 2/3 бөлүгүн ээлейт) көптөгөн тоо аралык тектоникалык ойдундар менен айкалышып жатат. Эң бийик тоо массивдери өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө жайгашкан: Кораба (бийикт. 2764 мге чейин, өлкөнүн эң бийик чокусу), Шар-Планина (2748 м, Титов-Врх чокусу), Баба-Планина (2600 м, Пелистер чокусу), Якупица (2540 м, Солунска-Глава чокусу) ж. б. Чыгышындагы тоолордун айрымдарынын бийикт. гана 2000 жден ашат. Тоо аралык ички ири ойдуңдары: Пелагония (аянты 4000 км2; түштүк бөлүгүндө), Скопье (1840 км2), Полог, Овче-Поле, Славиште (түндүк бөлүгүндө). Темир, хром, марганец, никель, кобальт, коргошун, цинк, жез, сурьма, курамында алтын, күмүш кездешкен полиметалл кенташтары, курулуш материалдары ж. б. кендери бар.
Климаты мелүүн, жер ортолук климатка өтмө. Ойдуңдарында кышы мелүүн серүүн жана жаанчыл, жайы ысык, кургакчыл. Январдын орт. температурасы 0,7-1°С, июлдуку 21-23°С; жылдык орт. температурасы 12,5-14,5°С. Жылдык орт.
жаан-чачыны тоо аралык ойдуңдарда (Скопье) 450 льиден өлкөнүн батышындагы тоолордо 1200 ммге чейин. Жапыз тоолордо абанын жылдык орт. температурасы 6,2°Сге, орто бийик тоолордо 4,7°Сге чейин төмөндөйт. Өлкөнүн аймагы негизинен Эгей жана Адриа деңиздеринин алаптарына кирет. Дарыя агымынын 80%тен ашыгы өлкөдөгү эң ири дарыя - Вардардын (Мененын чегинде узундугу 300 «лгдей) жана анын ири куймаларынын алаптарында пайда болот. Башка ири дарыялары: Кара Дрин (батышында), Струмешница (түштүк-чыгышында). Ири калдык көлдөр да кездешет: Охрид (Мененын чегиндеги аянты 230 км2), Преспа (176,8 кти2), Дойран (27,1 клг2). Ирригациялык жана коммуналык-тиричиликте пайдалануу максатында жалпы көлөмү 1 миллион ж3ден ашкан 20 суу сактагыч курулган, алар - Шпилье (Кара Дрин д-нда), Тиквеш (Црна) ж. б.
Топурак-өсүмдүктөрү тоолордо бийиктик алкактуулук боюнча таралган. Жапыз тоолордогу байтерек, хмелеграб, каштан, ак чечек аралаш өскөн эмен токою 1000-1100 м бийикте бук токою менен алмашат. 1700-1800 м бийиктен жогору ийне жалбырактуу европа карагайы, көк карагай токою, айрым жерлеринде эндемик румелия кызыл карагайы өскөн реликт токой сакталган. Токойдун чегинен жогору тоо кызыл карагайынан, арча токоюнан турган ийри-буйру өскөн субальп токою, аскалар менен айкалышкан альп шалбаасы мүнөздүү. Ойдундары негизинен айдалган, жапыз тоо токойлору айрым жерлеринде талаалашкан шалбаа жана бадалдар, кызыл карагай көчөттөрү менен алмашкан. Мененын токойлуулугу 40%ти түзөт (2010). М-да коргоого алынган 74 табигый аймагы бар, аларга Пелистер (1848-жылы уюшулган), Маврово, Галичина улуттук парктары, табият резерваттары, табият эстеликтери ж. б. кирет.
К а л к ы. Македониялыктар калкынын 64,2% ин, албандар 25,2% ин түзөт; ошондой эле түрк, цыган, серб, бошняк, хорват ж. б. улуттар да жашайт. 20-к-дын 2-жарымында калк 75% ке өскөн (1948-2002-жылы македониялыктардын өсүусү
64,4% ке, ушул эле мезгилде төрөлүүнүн жана миграциялык агымдын көптүгүнөн албандар 158%ке, цыгандар 176%ке жеткен). Калк Вардар д-нын өрөөнүндө, Пелагония түздүгүндө, ошондой эле тоо аралык айрым өрөөндөрдө жыш отурукташкан. Расмий тили - македон тили, улуттук азчылык жашаган жерлерде алардын тили пайдаланылат. Мененын калкынын 70%тейи христиандар (анын 68%тейи православныйлар, 1%тейи католиктер жана униаттар), 30% ке жакыны мусулмандар. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 81 киши (2010). Калкынын жашы-
нын орт. узактыгы (эркектериники - 72,6 жаш, аялдарыныкы -77,9. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 адамга 11,9), өлүм-житим ЮООге 8,9 (жаш балдардын өлүмү төмөн, ЮООге 8,5). Шаар калкы 59% . Скопье борбордук агломерациясынын калкы 593,0 миң (2009; өлкөнүн калкынын 29% и); ири шаарлары: Куманова, Битола, Тетово, Прилеп, Велец, Охрид, Гостивар, Штип.
Т а р ы х ы. М. аймагында адамдар неолит убагында эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5-2-к-да кул ээлик мамлекет пайда болуп, биздин заманга чейинки 3-2-к-да аны римдиктер караткан (к. Македония Вайыркы). 9-10-к-да М-да христиан дини тараган. М. аймагы 10-к-дын 70-жылдарында Батыш Болгар падышалыгынын, 1018-жылы Византиянын, 1230-жылы Экинчи Болгар падышалыгынын жана 14-к-дын ортосунда сербдердин (падышасы Стефан Душан) курамына кирген. 14-к-дын аягында Осмон империясы басып алган. Түрк бийлигинин мезгилинде көптөгөн шаарлар түрктөштүрүлүп, мусулман кыштактары пайда болгон. Түрк феодалдарынын эзүүсү, М-га күч менен ислам дининин киргизилиши түрк бийлигине жана феодалдарга каршы көтөрүлүштөргө (1560, 1593, 1606) алып келген. Көтөрүлүштөр басылгандан кийин (1690) калк массалык түрдө өлкөдөн сырткары (Габсбургдар империясына, Россияга) чыгып кеткен. Болгариядагы улуттук кыймылдын таасири менен М-да да улуттук кайра жаралуу процесси башталып, 1830-60- жылдарда М-да болгар мектептери ачылган.
1877-78-ж. орус-түрк согушу аяктаган соң, СанСтефан тынчтык келишими (1878) боюнча Мененын кыйла бөлүгү Болгар княздыгына кирген. 19- к-дын аягы - 20-к-дын башында М. атаандаш улуу державалардын ортосунда талашка түшкөн аймактардын бири болгон, ошол эле учурда Балкан өлкөлөрүнүн ортосунда М. үчүн күрөш күчөгөн. 1895-жылы Софияда Жогорку Македон комитети (ЖМК), 1900-жылы Жогорку Македон-Одрин комитети (ЖМОК) түзүлүп, алардын мүчөлөрү саясий көз карандысыздык үчүн күрөшкөн жана Болгарияга биригүүнү көздөшкөн. Болгарияда Осмон бийлигине каршы куралдуу отряддар пайда болгон. Түрктөргө каршы күрөш күчөп, 1902-жылы Россия-Австрия сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында М-да прогрессчил маанайдагы реформа болуп, улуттук принциптеги администрациялык-аймактык бөлүштүрүү башталган. 1-Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө М. түрктөрдөн бошотулуп, 1913-жылы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бухарест тынчтыгы (1913) боюнча М. Сербия (Вардар М-сы), Грекия (Эгей М-сы) жана Болгариянын (Пирин крайы) ортосунда бөлүнгөн. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде Болгария Вардар М-сын жана Эгей М-сынын бир бөлүгүн басып алып, согуштан кийин Сербйяга кайтарып берген. 1918-жылы Вардар М-сы Сербия менен бирдикте сербдер, хорваттар, словендер королдугуна, 1929-жылдан Югославияга кирген. 1941-жылы апрелде Югославияны монархиялык Болгария, калганын Италия басып алган. 1944-жылы декабрда Югославия элдик боштондук армиясы Кызыл Армия менен бирге Югославия аймагын бошоткон. 1945-жылы ноябрда Югославия Элдик Федерация Республикасы (ЮЭФР) жарыяланган. 1963-жылы М. ЮЭФРдин курамына союздук респ-ка катары кирген. 1989-жылдын аягында Ч. Европадагы окуяларга байланыштуу ЮЭФРда саясий кризис күчөп, 1991-жылы 8-сентябрдагы референдум боюнча М. өз алдынча мамлекет деп жарыяланган (17. 9. 1991). 1992-жылы М. аймагына (Сербия менен чектеш аймагына) БУУнун тынчтыкты колдоочу аскер контингенти кирип, кийин Косового которулган. 2001-жылы 13-августта эл аралык ортомчулардын (АКШ, НАТО, ЕС, ОБСЕ) катышуусунда кризисти саясий жол менен чечүү үчүн төрт жактуу келишим түзүлүп, ушул документке ылайык македониялыктар уюткулуу, жергиликтүү улут катары укугунан ажыратылып, өзгөчө көнүл албан тилине бөлүнүп, ага экинчи расмий тил статусу берилген.
Экономикасы. М.- Европадагы мамлекеттердин ичинен экономикасы салыштырмалуу жакшы өнүкпөгөн өлкө. ИДПнин көлөмү 19,5 миллиард доллар (2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 61,4, ө. ж-ныкы 27,2, айыл жана токой чарбаларыныкы 11,4.
Ө. ж-нын башкы тармактары: энергетика, металлургия, химия, жеңил жана тамак-аш. Отунэнергетикалык балансынын түзүмүндө көмүрдүн үлүшү 50,1%, нефть менен нефть продуктуларыныкы 29,8%, табигый газдыкы 0,8%, гидроэнергиясыныкы 18,3% (2007). Нефть менен табигый газга болгон муктаждык толук импортко байланыштуу. Металлургия өлкөдө темир, темирникелдүү кенташтар, марганец казылып алынып, болот, прокат, цинктелген тунуке, трубапрокат, феррокуйма чыгаруучу ишкана, заводдор бар. Скопьеде алюминий куурларын жана конструкцияларын чыгаруучу завод иштейт. Машина
куруу станок, а. ч. машиналарын, кузовдор автомобиль тетиктерин ж. б., химиялык дары-дармек, лак-боёочу, химиялык була, косметика, курулуш материалдары (портландцемент, бетон, айнек, фарфор, курулуш карапалары, кооздоочу курулуш материалдарын ж. б., жеңил (кебез-кездеме жана жүндөн жасалган буюмдар, жибек, трикотаж, тигилүү кийим-кечек, жүндөн ийрилген жип, жасалма мех) ө. ж. ишканалары иштейт. Килем токулат. Тамак-аш ө. ж. (кант, ун, нан, сүт, май, консерва) өнүккөн. Экспортко негизинен - тамеки чыгарат. М. ошондой эле чыгарган шарабы жана пивосу менен да белгилүү.
А. ч-га жарактуу жер өлкөнүн аймагынын 53%тейин ээлейт, анын ичинде айдоо жери 24%, бакдарак жана жүзүмзар 2%, шалбаа 2%, жайыт 25%. Негизинен чакан фермалар, ошондой эле көп тармактуу ири чарбалар иштейт. А. ч-нын негизги тармагы - өсүмдүвөстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агро-
климаттык шарты дыйканчылык үчүн ыңгайлуу, бирок айдоо жердин кыйла бөлүгү (60 миң га айдоо) сугатты талап кылат. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай, жүгөрү, арпа, шалы, кара буудай, буурчак, жашылча, картөшкө, кант кызылча, таттуу калемпир, бакча ж. б.; маанилүү техникалык өсүмдүгү - тамеки, мөмө-жемиш дарактарын (алма, анжир, кайналы, шабдалы, өрүк ж. б.), жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасында жайытта багылма чарбасы өнүккөн. Кой, эт багытындагы мал асыралат. Үй куштары багылатынча Аарычылык, жибекчилик, көлдөрдө балык чарбасы өнүгүүдө.
Тейлөө чөйрөсүнүн башкы тармактары - чекене соода жана социалдык (билим берүү, саламаттыкты сактоо, коммуналык, администрациялык ж. б.) жактан тейлөө. Мененын бирдиктүү банк активинин 71,3% ин чет өлкөлүк капитал көзөмөлдөйт.
Туристтерди тейлөө жана мейманкана бизнеси - тейлөө чөйрөсүнүн эң келечектүү тармагы. 2008-жылы туризмден түшкөн киреше ИДПнин 6,1%ин түзгөн. 2007-жылы М-га 230,1 миң турист (негизинен Сербия, Грекия, Болгария, Албаниядан) келген. М-га келген туристтердин 17 3нен ашыгы Охрид ш-н жана Охрид көлүнүн жээгин кыдырат (Охриддин табият жана тарыхый эстеликтери Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген).
М. - Түштүк Европадагы маанилүү жолдор тоому. Өлкөнүн башкы жана эң жыш (автомобиль жана т. ж. магистралдуу) транспорт өзөгү Вардар д-нын өрөөнү аркылуу өтүп, Зальцбург (Австрия) - Любляна (Словения) - Загреб (Хорватия) - Белград (Сербия) - Скопье - Салоники (Грекия) эл аралык транспорт коридорунун бир бөлүгү болуп саналат. Транспорттун негизги-түрү болгон автомобиль жолунун узундугу 13,7 миң км (2007). Жогорку ылдамдыктагы негизги автомагистралы - Александр Македонский атындагы жол (Куманово - Скопье - Валес - Гевгелия, узундугу 201 км). Т. ж-нун узундугу 925 км. Маанилүү жана электрлешкен жалгыз линиясы - Табановце - Куманово - Скопье - Гевгелия (315 км). Албания жана Болгарияны карай т. ж. курулууда (2009). Магистралдык куур транспортунун узундугу 388 км (2008), анын 313 кми нефть кууру [Салоники. (Грекия) - Скопье (өткөрүмдүүлүгү жылына 2,5 миллион т нефть)], 98 ми газ кууру
(Россиянын газы Болгариянын аймагы аркылуу Скопьеге келет). Охрид жана Преспа көлдөрүндө кеме каттайт (Албания менен жүргүнчү каттамы бар). М-дагы 18 аэропорттун экөө (Скопье жана Охридде) эл аралык.
Экспортко кара металлургия продукциясын, текстиль жана тигүү буюмдарын, азык-түлүк (негизинен мөмө-жемиш, жашылча), суусундук, тамеки, минералдык сырьё (жез концентраттарын ж. б.), отун (нефть продуктуларын), машина жана жабдууларды, химикаттарды, фармацевтика дары-дармектерин чыгарат. Мененын товарларына негизги кардарлар: Сербия, Германия, Грекия, Италия, Болгария, Бельгия, Хорватия. Сырттан машина куруу ө. ж-нын продукцияларын, болот прокатын, а. ч. продуктуларын сатып алат. Негизинен Россия, Германия, Сербия, Грекия, Италия, Болгария, Кытайга импорттойт.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 9 жылдык орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу македон, албан, түрк жана серб тилдеринде жүргүзүлөт. 4 мамлекеттик жана 11 мамлекеттик эмес ЖОЖ иштейт. М. илимдер жана искусство академиясы (1967), Улуттук жана Ыйык Климент Охридскийдин университеттик китепканасы, Мамлекеттик архиви (1951), Улуттук музей (1977) ж. б. бар. Македон жана албан тилинде гезит-журналдар чыгат. Радио уктуруусу (1944-жылдан), телекөрсөтүүсү (1964-жылдан), 2007-жылдан «Нет Пресс интернет» агенттиги иштейт.
Мененын аймагында адабият 9-к-да византиялык үлгүдө жана эски славян жазуусунун таралышы менен байланыштуу өнүккөн. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Мененын адабияты үчүн жаңы жанрлар - марш-ырлары, ыр-балладалар жана баатырдык поэмалар пайда болгон. М-да биринчи адабий журнал «Нов ден» (Скопье, 1945-50) жарыкка чыккан. 1940-50-жылдары Мененын адтында модернизмдин таасири күчөгөн. 1950-60- жылдары М. адабиятында улуттук салтты жана классикалык мурасты жаратуу жанданган. 1970- жылдары М. адабиятында постмодернизм багыты жаралган (М. Манджунков, В. Манчев), интеллектуалдык поэзия (Г. Тородовский, В. Урошевич, М. Матевский), элдин тарыхый тагдырын изилдөөдө роман жанры пайда болгон. (В. Малеский, С. Яневский, Ж. Чинго). Драматургияда салттык социалдык-турмуштук драманын трансформациясы пайдаболот. 1980-жылдардын адабиятында 20-к-дагы улуттук тарыхы, трагедиялык окуялары чагылдырылган. 1990-2000-жылдары прозада Т. Георгиевский, П. М. Андреевский, Л. Старова, Т. Крсетский ж. б. жазуучулар, поэзияда С. Г. Димоский, 3. Анчевский, Я. Нинов, С. Гигов-Гиша ж. б. акындар эмгектеништи.
М-да мегалитикалык курулуштардын биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын башындагы (Кокинодогу об-
серватория деп аталган) карапа идиштер, неолит жана коло доорундагы металл буюмдары; некрополдор, темир доорунда кылымындагы жергиликтүү искусствонун эстеликтери (анын ичинде байыркы гректик архаикага жакын алтын маскалар, адамдардын, жаныбарлардын кичинекей фигуралары ж. б.) табылган. 9-10-к-да (Штипдеги Архангел Михаил, 1334; Люботенедеги Ыйык Николай, 1336-37) чиркөөлөр, базиликалар кийин Осмон империясы учурунда (Скопьедеги Султан Мураттын, 1436; Мустафа-пашанын, 1492; Битоледеги Исак-жамиянын, 1508-09) мечиттер курулган. 18-19-к-да өзүнчө бир элдик зодчествонун формалары калыптанган.
19-к-дын аягы - 20-к-дын башында ири шаарларда (Скопье, Битола, Охрид, Ресен) европалык эклектизм мүнөзүндөгү курулуштар пайда болгон, бирок шаарлардын жүзү анча өзгөргөн эмес. Россиядан окуп келишкен живописчилер Д. Андонов Папрадишкий жана Ж. Зографский чиркөө живописине фольклордук мотивдерди, тарыхый композицияларды, портреттерди, пейзаждарды, элдик турмуштун сценаларын чагылдырышкан.
Музыкалык маданиятында фольклордун жана чиркөө ырларынын салттары сакталган. 1894-жылы Велесте маданий-агартуу коому, 1895-жылы Скопьеде үйлөмө аспаптар оркестри уюшулган. 1-симфониялык музыка жана Скопьеде жеке музыкалык мектеп ачылган. 1944-жылы симфониялык оркестр негизделген, анын базасында филармония уюшулган (1954-жылы оркестр), 1960-жылы Улуттук опера жана балет театры ачылган, ал 2004-жылдан М. операсы жана балети деп аталат. Мененын эң көрүнүктүү дирижёрлору: Т. Скаловский, Т. Прокопьев, ырчы П. Богданов-Кочко. 1950-жылы фольклордук институт түзүлгөн, 1966-жылы Жогорку музыкалык мектеп (азыркы музыка академиясы) ачылган.
1901-жылы Болгариянын Плевен шаарында драматург В. Чернодринский «Камкордук жана сооротуу» деген биринчи македон театр труппасын түзгөн. Анын репертуарында негизинен патриоттук пьесалар (Чернодринскийдин «Македондук кандуу үйлөнүү тою»), ошондой эле турмуштук сценкалар болгон. 1913-жылы Скопьеде - Король Александр I атындагы Улуттук театр уюшулган. 1990-2000-жылы Прилеп, Штип, Куманово шаарында жаңы театрлар ачылган.
Улуттук кинематографияны негиздөөчүлөр деп бир тууган Я. жана М. Манакилер эсептелет. 1947-жылы Скопьеде «Вардарфильм» киностудиясы түзүлүп, хроникалуу-документалдык тасмалар тартыла баштаган.
Ад.: Памятники культуры. Сербия. Македония. [Белград, 1958]; Белоусов В. Н. Современная архитектура Югославии. 2-е изд. М., 1986; Музиката на почвата музика. Пула, 1986; Вагапова Н. Драматический триптих Г. Стефановского//Стефановский Г. Янебаламут [и другие пьесы]. М., 1987; Македония// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.





