МАКАЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 6-сап: | 6-сап: | ||
<p>Ад.: <em>ПотебняА. А.</em> Из лекции по теории словесности. Басня. Пословица. Поговорка. Хар., 1914; <em>Керимжанова Б.</em> Кыргыздын макалдары менен ылакаптары. Ф., 1948; <em>Далъ Р. И.</em> Пословицы русского народа (4-е изд.). М., 1957; <em>Пермяков Г. Л.</em> От поговорки до сказки. М., 1970; <em>Закиров С.</em> Кыргыз элинин макалылакаптары. Ф., 1973.</p> | <p>Ад.: <em>ПотебняА. А.</em> Из лекции по теории словесности. Басня. Пословица. Поговорка. Хар., 1914; <em>Керимжанова Б.</em> Кыргыздын макалдары менен ылакаптары. Ф., 1948; <em>Далъ Р. И.</em> Пословицы русского народа (4-е изд.). М., 1957; <em>Пермяков Г. Л.</em> От поговорки до сказки. М., 1970; <em>Закиров С.</em> Кыргыз элинин макалылакаптары. Ф., 1973.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАКАЛ - фольклордук жанр; адамдардын узак мезгилдерден берки философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуштук тажрыйбаларынан алынган, ыргактык жактан чың уюшулуп, осуятчыл маанайда айтылган элдик поэтикалык чыгарма (мисалы, «Жер байлыгы - эл байлыгы» ж. б.). «Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы» болгон М. дээрлик дүйнөнүн бардык элине таандык болуп саналат, а түгүл айрым М-дардын мааниси окшош келет. М. поэтикалык башка чыгармалардан жалпыланган образдуу ойго, баамчылдыкка, ой корутундусуна, каймана мааниге каныккандыгы
менен айырмаланат (мисалы, «Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок» (вьетнам), «Желпигич саткыч колу менен желпинет» (кытай), «Боёкчунун шымы боёлбойт» (япон), «Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок» (афган), «Кайышчынын камчысы жок» (адыгей), «Өтүкчүнүн өтүгү жок» (орус), «Устанын тогоосу жок» (кыргыз). Ошондуктан М. көп маанилүү келип, контекстке багынычтуу болот. М. жазма пайда болгонго чейин элдик философиянын элементи катары узак мезгилде калыптанып, урпактан урпакка оозеки мурас болуп келген; жазма пайда болуп, маданияттын илгерилеши менен элдик башка оозеки чыгармалардай эле Макал-ылакаптар чогултулуп, өз-өзүнчө жыйнак болуп чыкты, изилдөө иштери жүргүзүлдү. М. фольклордук тексттерде жана бардык эле акын-жазуучулардын чыгармаларында кеңири учурайт жана адам турмушунун бүткүл көрүнүштөрүн өзүнө тема кылып алат, к. Ылакап.
Ад.: ПотебняА. А. Из лекции по теории словесности. Басня. Пословица. Поговорка. Хар., 1914; Керимжанова Б. Кыргыздын макалдары менен ылакаптары. Ф., 1948; Далъ Р. И. Пословицы русского народа (4-е изд.). М., 1957; Пермяков Г. Л. От поговорки до сказки. М., 1970; Закиров С. Кыргыз элинин макалылакаптары. Ф., 1973.