МАЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮ - данынан же мөмөсүнөн май алуу үчүн өстүрүлүүчү бир жана көп жылдык өсүмдүктөр. Май бул өсүмдүктөрдүн уругу менен мөмөсүндө топтолот. Алар: татаал гүлдүү өсүмдүктөрдөн - күн карама, сафлор; чанактуулардан - май буурчак, жер жаңгак; эрин
гүлдүүлөрдөн - перилла, ляллеманция; кайчы гүлдүүлөрдөн - рапс, горчица, репейник, кычы; булалуу өсүмдүктөрдөн - гозо, зыгыр жана эфир; майлуу өсүмдүктөрдөн - кориандр, тмин, анис. Кээ бир дарак өсүмдүктөрдүн (пальма, какао, жаңгак, бадам, бал карагай, өрүк, шабдалы ж. б.) данектеринен эң баалуу май алынат. Ар кандай өсүмдүктөрдө, мисалы, күн карамада - 29-57%, сояда 15- 26%, кычыда 20-45%, кене данда 48- 55%, зыгырда 35-52%, жер жаңгакта 41-57%, кунжутта 50-56% май болот. Майдын курамы жана сапаты климатка, жер кыртышына, өсүмдүк сортуна, агротехникалык ыкмаларга жараша болот. Май буурчактын майы дүйнөдө өндүрүлгөн өсүмдүк майынын 38% ин түзүп, биринчи орунда турат. Экинчи орунду (17%) күн караманын майы ээлейт. Май буурчактын майынан боёочу заттар, жасалма жүн, пластмасса, желим ж. б. көптөгөн эл чарбасына керектүү заттар алынат. Кыргызстанда май алуу үчүн күн карама, сафлор, кычы, рапс, кунжут, жер жаңгак ж. б. эгилет.
Ад.: Ибраимов Н. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдынкы ыкмалары. Б., 1994.
Э. Б. Капарова, Г. Ф. Эшимкулова.