МАЙОТТА АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 9-сап: | 9-сап: | ||
</p> | </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЙОТТА АРАЛЫ, Майотта аймактык к о о м у - Франциянын «деңиздеги алыскы департаменти». Инди океанындагы Мозамбик кысыгынын түндүк бөлүгүндө, Африканын чыгыш жээгине жакын жайгашкан. Майотта (Маоре), Памандзи, Мзамбуру ж. б. бир нече майда аралдарды (баары Комор а-нын курамына кирет) ээлейт. Аянты 374 км2. Калкы 220,0 миң (2010); калкынын негизин коморлуктар (68,6% , вамаорлор) түзөт. Ошондой эле малагасилерге окшош
шибуштар (23,7%), суахили, макуа, маконде, креол-реюньон да жашайт. Эл аралык аэропорту бар. Мусулман (97%) жана христиан (католик) динин тутат. Расмий тили - француз тили. Борбору - Мамуцу (калкы 8 миңге жакын; шаар айланасы менен 50 миң). Администрациялык-аймактык жактан 17 коммунага бөлүнөт. Акча бирдиги - евро.
Арал жанар тоолордун аракетинен пайда болуп, шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Эң ири жана бийик аралы - Майотта (бийиктиги 660 м, Бенара чокусу). Климаты тропиктик пассаттык. Ноябрдан майга чейин нымдуу жана кургак. Орт. айлык температурасы 28°С, эң суук айыныкы 23°С. Жылдык жаан-чачыны 2000 мм. Соолуп калуучу кыска агын суулары бар. Флорасы менен фаунасы - негизинен эндемиктер. Тоонун жогорку айдарым капталдарында жыш тропик токою өсүп, анда лианалар (токой чырмоогу), дарак сымал папоротниктер, орхидеялар, этегинде жана жээк ойдуңдарында бадалдар, кээ бир жерлеринде мангр өсүмдүктөрү кеңири таралган. Сүт эмүүчүлөрдүн 20га жакын түрү (анын ичинде мадагаскар фаунасы) кездешет.
Майотта султаны аралды 1841-жылы Францияга берүүгө макулдугун берип, ошондон анын ээлиги болуп калган. 1946-жылдан Комор аралдарындагы Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусун алган. 1974-жылы өткөрүлгөн референдумда архипелагдын 3 аралы көз каранды эместик үчүн добуш беришкен. Ал эми М. франциялык болуп калууну чечкен. Ошондой болсо да 1998-жылдан статусун өзгөртүп, департамент болууга БУУ аркылуу аракет жасоодо. 2001-жылдын июлунан Франциянын администрациялык-аймактык бирдиги. 2009-жылдын мартында өткөрүлгөн референдумда- «деңиздеги алыскы аймак» статусун алуу үчүн добуш беришкен (ал 2011-жылдын 31-январынан күчүнө кирген). Бирок муну Комор Аралдары Союзувув өкмөтү тааныбай келет.
Мененын экономикасы фр. субсидияга, сырттан алынган азык-түлүккө жана күндөлүк керектелүүчү товарга көз каранды. А. ч. - экономикасынын негизги тармагы. Кокос пальмасы, ваниль, иланг-иланг (мөмө-жемиш) өстүрүлөт. Балыкчылык өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 100 км (анын ичинде 70 клги асфальтталган). Деңиз порту - Дзаудзи (Памандзи а-нда). Сыртка ваниль, иланг-иланг, копра, кокос жаңгагын чыгарат. Экспортунун 80% и Францияга туура келет.
Ад.: Майотта//Всё о странах мира: Атлас-справочник, СПб., 2006; Майотта//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. Р. Карачалова.