МАЙЛУУ-СУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary

м (1 версия)

(One intermediate revision by the same user not shown)
5-сап: 5-сап:

МАЙЛУУ-СУУ (1956-92-ж. М а й л ы-С а й) - Жалал-Абад облусунда шаар. Ноокен р-нунун

==МАЙЛУУ-СУУ (1956-92-ж. ==
М а й л ы-С а й) - Жалал-Абад облусунда шаар. Ноокен р-нунун

аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун этегин­де, Майлуу-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Аянты 12025 га. Облустун борбору жана т. ж. бекети Жалал-Абад ш-нан 118 км түндүк-батыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук, кыс­ка, кар арбын түшөт; январдын орт. температурасы -3... -11°Сге чейин. Жайы ысык, кургак, июл­дун орт. температурасы 30,5°С. Жылдык жаан-ча­чыны 300 Л4лгдей. Калкы 22,8 миң (2009); неги­зинен кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаардын четинде Көк-Таш, Сары-Бээ, Көк-Ой, Кара-Жыгач кыш. жайгашкан. М.-С. - ө. ж-луу шаар. Шаарда

14-сап: 15-сап:

«Майлуу-Суу шамы» жана «Свет Майлуу-Суу» гезиттери чыгат. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан майлы-суулук жоокерлерге 1989-жылы «Согуштук даңк проспектиси» эстелиги жана 1999-жылы Баткен жергесиндеги эл аралык терро­ристтик топтор менен болгон куралдуу кагылы­шууда курман болгон жоокерлердин урматына «Эрдик» монументи тургузулган.

[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАЙЛУУ-СУУ - Ноокен р-нундагы суу, Ка­ра-Үнкүрдүн оң куймасы. Узундугу 87 км, алабынын аянты 748 км2. Бабаш-Ата кырка тоосунун ба­тыш жана түндүк-батыш капталдарынан башталып, Майлуу-Суу ш-на чейин батышка, андан кийин туштүктү карай агып, Кара-Үңкүргө куят. Баш­кы агымында Керей, Кыз-Коргон суусунун ча­тынан Сары-Суу, Даван-Сайдын чатынан Май- лУУ-Суу деп аталат да, терең жана тик капчыгай­лар аркылуу өтөт; ортоңку бөлүгүндө нугу ке­ңейип, токойлуу. Избаскен кыш-нан Фергана ойдуңуна чыга бериште сугат каналдарына жана салааларга бөлүнөт. Суунун башталышы (4000 м бийикте) кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 8,75 м?/сек, эң көбү ап­рель-майда, азы январь-февралда байкалат. Суусу мартта кардын эришинен кирип, октябр­да тартылат. Алабында 4 көл бар. Сугатка кеңи­ри пайдаланылат. Жээгинде Избаскен, Эски­Кыштак, Беш-Мырза, Көк-Таш кыш. жана Май­луу-Суу ш. жайгашкан. Көк-Таш кыш. тушта нефть жана газ кендери бар. Суунун алабындагы жер көчкү жүрүү мүмкүндүгү уран кендерин иш­тетүүдөн калган калдыктарды бузуп, аймакта экол. кооптуулук жаратуу коркунучу бар.

Ш. Качаганов.

МАЙЛУУ-СУУ (1956-92-ж.

М а й л ы-С а й) - Жалал-Абад облусунда шаар. Ноокен р-нунун

аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун этегин­де, Майлуу-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Аянты 12025 га. Облустун борбору жана т. ж. бекети Жалал-Абад ш-нан 118 км түндүк-батыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук, кыс­ка, кар арбын түшөт; январдын орт. температурасы -3... -11°Сге чейин. Жайы ысык, кургак, июл­дун орт. температурасы 30,5°С. Жылдык жаан-ча­чыны 300 Л4лгдей. Калкы 22,8 миң (2009); неги­зинен кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаардын четинде Көк-Таш, Сары-Бээ, Көк-Ой, Кара-Жыгач кыш. жайгашкан. М.-С. - ө. ж-луу шаар. Шаарда

Шаардын көрүнүшү.

электр лампа жана электр тогун өткөрбөс мате­риалдар («Кыргызэлектрозолит») заводдору, Май­луу-Суу жылуулук менен камсыз кылуу өндү­рүштүк бирикмеси, «Майлуу-Суу» кийим тигүү фабрикасы, «Береке», «Акнан», «Азат», «Баатыр» АКтары, «Кыял» ж. б. чакан ө. ж. ишканала­ры, ошондой эле «Серей» ЖЧК, «Чебер» фирмасы, те­леком, почта байланыш түйүнү иштейт. Шаар­га жакын жерден нефть жана газ чыгат. Ош, Жа­лал-Абад ш-на газ куурлары кетет. Шаарда 8 орто (анын ичинде жатак) мектеп, кесиптик лицей, электр-техникалык коллеж, медициналык орто окуу жайы, Экономикалык жана башкаруу институту, карылар жана майыптар үйү, стадион, кинотеатр, мечит, маданият үйү, 3 бала бакча, шаардык оорукана (305 орундуу), дары­кана, ден соолукту чындоо борбору, турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү (анын ичинде шаарды жашылдандыруучу суу каналы ж. б.) ишкана­лары, тамактануу жайлары, кафе-барлар, рес­торан, базар, автобекет иштейт. Парк уюшту­рулган. Шаар эзелтеден эле дыйканчылыгы менен көчмөн чарбасы өнүккөн Фергана өрөөнүнүн тоолуу аймагынын чегинде жайгашкандыктан, анда соода-сатык, товар алмашуу иштери кеңи­ри жолго коюлган. Көчмөн калк малын айдап келип, Көк-Ой ашуусунун этегиндеги «таш ко­роого» 'камап, аларды кол өнөрчүлүк буюмда­рына жана дан эгиндерине алмаштырып кетип турушкан; ал короону эл «таш базар» деп да аташкан. Шаарга жакын жерден кызыл чопо

кени чыккандыктан, карапачылык да өнүккөн. Шаар аркылуу Улуу Жибек жолунун бир тар­магы, О. Азиядан Кытайга кеткен кербен жолу Даван-Сай капчыгайы аркылуу ж. б. жолдор менен өткөн. Майлы-Суу суусунан жана анын куй­маларынан башталган илгерки ирригациялык курулмалардын калдыктары (чоң арыктар, оготтор ж. б.) бул аймакта мурда эле дыйкан­чылык өнүккөндүгүнөн кабар берет.