МАЙДАН (кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЙДАН - Баткен облусу Кадамжай р-нундагы кыштак. Майдан айыл аймагына караштуу. Ош - Кызыл-Кыя автомобиль жолунун
жана Исфайрам суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 28 км. Калкы 1843 (2009); негизинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана бар.