МАЙДА ПЛАСТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
</p> | </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЙДА ПЛАСТИКА, кичи пластика, чакан формалардын скульптурасы - көркөм скульптура искусствосунун кеңири тараган өзгөчө популярдуу түрү. М. п. адамзат коомунун эң алгачкы башталышында пайда болгон. Аны байыркы турак жайларды казууда кездештиришкен. Булар миниатюралык жана жасалгалык сапаттагы бышкан топурактан, сөөктөн, жыгачтан оюп, таштан жасалган буюмдар болгон. М. п-га тоголок бедиз чыгармалары менен бирдикте рельефтер: жасалгалык медальондор, эстелик медалдар, глиптика, терракоталык статуетка, Кайра жаралуу доорунун коло фигуралары, япон нецкеси (17-к.), фарфор статуеткалар (18-к), металл куймалар, элдик оюнчуктардын (19-20-к.) кеңири тармагы кирет. 18-к-дан Императордук фарфор заводунун М. п-сы белгилүү боло баштаган (Санкт-Петербургдагы М. В. Ломоносов атындагы фарфор заводу), Уралдагы Каслинский заводунун чоюн куймалары, Москва облусунда Богородское кыш-нын жыгачтан оюп жасалган оюнчуктары, Түндүк элдеринин сөөктөн жасаган буюмдары белгилүү. Заманбап көркөм сүрөт искусствосунда кичи формадагы бедизчиликке статуетка же турмуш-тиричилик мазмундагы композиция, столдун үстүндө туруучу портреттик бюст, жаныбарлар дүйнөсүнөн сүрөттөлүш, сувенир сыяктуу эстеликтен аткарылган анча чоң эмес модель ж. б. кирет. Кыргызстанда «Кыял», «Мурас» элдик көркөм өнөр бирикмелеринде асыл металлдардан, жыгачтан, сөөктөн, булгаарыдан, кийизден, чийден, чоподон жасалган М. п. белгилүү, к. Жасалга-колдонмо көркөм искусство.