МАЗЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЗЕР [англ. Microwave Amplification by Stimulated Emission of Radiation сөздөрүнүн биринчи тамгаларынан; мааниси: аргасыз нурлануудан микротолкундардын (өтө жогорку жыштыктын) күчөшү] - өтө жогорку жыштыктагы радио толкундардын кванттык генератору. М-дин нуру монохромдуулугу, когеренттүүлүгү, өтө ичкелиги менен өзгөчөлөнөт. М. радио байланыш, радиоастрономия, радиолокация ж. б. тармакта, ошондой эле туруктуу жыштык генератору катары да колдонулат. М. радиодиапазондордун кванттык күчөткүчү деп да аталат. Мисалы, кванттык парамагнит күчөткүчү.