МАЗАКТОО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЗАКТОО — адамдын ар-намысын жана кадырбаркын атайылап кемсинтүүчү кылмыш курамы. М. негизинен уятсыздык ыкмасы (уят сөздөр менен сөгүү, тилдеп кат жазуу, жылаңач сүрөтүн тартуу ж. б.) менен жасалат. М. инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар тобуна кирет. М. жабырлануучунун же ал жок жерде бөлөк адамдардын көзүнчө (мындай учурда мазактаган адамдын экинчи бир адамды мазактаганы ал адамга жетет жана билинет деп жасайт) жасалышы мүмкүн. Калк алдында ММКлар аркылуу чыгып сүйлөө, калкка көрсөтүлгөн чыгарма ж. б. Мененун оордотуучу белгилерине кирет. М. чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар жигине кирип, жеке айыптоо иштерине таандык. Жазык мыйзамы адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын

экинчи бир адамдар тарабынан ар кандай кемсинтүүлөрдүн болушуна тыюу салат. К. Бодобаев.