МАЖУРО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЖУРО (Ма]иго) - Маршалл Аралдары Респнын борбору. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, Маршалл аралдары архипелагында, шурулуу акиташ тегинен турган океан жанартоосунун чокусунда, деңиз деңгээлинен 10 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 25,8 миң (2010; республикада жашаган калктын 50%), негизинен маршаллдыктар жана япон келгиндери. Өлкөнүн саясий жана экономикалык борбору. М. 19-к-дын аягында негизделген. 1886-жылдан 1914-жылы чейин М. Германиянын протектораты астында болгон. Шаарды 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде япониялык аскерлер, 1944-жылы АКШнын аскерлери басып алган. 1979-жылы Маршалл аралдары өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгондон баштап анын борбору. Шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсү АКШнын финансылык колдоосуна көз каранды. Модерн стилинде курулган Капитолий, Алеле музейи (анда Маршалл аралдарынын тургундарынын маданияты менен искусствосу чагылдырылган) бар. Шуру атоллдору (ак кумдан турат) туристтерди өтө кызыктырат. Мажуро атоллу - Тынч океандын «бермети» деп аталат. Кол
өнөрчүлүк (кездемеден, океан үлүлдөрүнөн, бамбуктан жана жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн.
Ад.: Маджуро//Все столицы мира: Энциклопедический справочник. М., 2004.