МАДЫ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАДЫ ШААР КАЛДЫГЫ - 9-13-к-на таандык археол. эстелик. Ош ш-нан 15 км чыгыш тарапта, азыркы Мады кыш-нын аймагында. Аянты 3 га. 10-к-дагы араб географтарынын эмгектеринде Медва деген аталышта эскерилет. М. ш. к-н В. В. Бартпольд да о. кылымдагы Медва ш-на окшоштурат. М. ш. к-нын түштүк- батыш бурчунда чеп (азыркы бийиктиги 12 м) сакталып калган; ичинде турак жай жана чарба курулуштары болуп, айланта дубал менен курчалган. М. ш. к-нын алгачкы маданий катмары Шоро-Башат маданиятына (биздин заманга чейинки 4-1-к.), акыркы катмарлары 13-18-к-га таандык. 1941-жылы А. Н. Бернштам, 1956-, 1982-, 1984-жылдары Ю. А. Заднепровский казып изилдеген.