МАДРИД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 10-сап: | 10-сап: | ||
<p>Ад.: Мадрид//Все столицы мира: Энциклопедический справочник. М., 2004; Мадрид//Новейший энциклопедический словарь. М., 2006; <em>Нэш Э.</em> Мадрид: история города. М.; СПб., 2007.</p> | <p>Ад.: Мадрид//Все столицы мира: Энциклопедический справочник. М., 2004; Мадрид//Новейший энциклопедический словарь. М., 2006; <em>Нэш Э.</em> Мадрид: история города. М.; СПб., 2007.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАДРИД - Испаниянын борбору. Мадрид автономия обл-нун жана Мадрид провинциясынын администрациялык борбору. Администрациялык жактан 21 районго бөлүнөт. Пиреней ж. а-нын борбордук бөлүгүндөгү Месета платосунда, деңиз деңгээлинен 650 м бийиктикте, Мансанарес д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 3,2 миллион (2011; шаар айланасы жана шаар
спутниктери менен Чоң Мадрид шаар агломерациясын
түзөт; алар менен 6,4 миллион). Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий борбору жана ири шаары. Ири жолдор тоому. Барахас эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт.
Шаар маврлардын Мажирит чебинин (сакталбай калган; алгач 932-жылдан эскерилет) айланасында калыптанган. Чеп 1083-жылы арабдардан бошотулган. 1118-жылы чепке шаар укугу берилген. 14-15-к-да М. Кастиль королдорунун резиденциясы жана кортестердин (парламент) отурумдары өтүүчү жай болгон. 1561-жылдан шаар статусуна ээ. Ошол жылы Филипп II Испаниянын борборун М-ге көчүргөн. М-де өлкөдө өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын '/ бөлүгү даярдалат. Автомобиль жана локомотив куруу, электр-техникалык, радиоаппаратура жабдуулары, аскер, химиялык-фармацевтика, жеңил (тигүү, текстиль, бут-кийим), 'тамак-аш, кагаз, полиграфиялык, жыгаччылык, цемент ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк [сайма саюу, тор токуу, желпүүр даярдоо, урма музыкалык аспаптар (кастаньета), зер буюмдар] өнүккөн.
17-к-дан тартып иретсиз салынган шаар курулуштары классика жана барокко стилинде болсо, кийинчерээк заманбап курулуштар менен алмашылды. М-де банктар, соода компанияларынын башкармалыктары, улуттук жана чет өлкөлүк АКтар, камсыздандыруу мекемелери, фонд биржасы жайгашкан. Шаарда 11 көпүрө курулган. ИА, университет (анын астында студенттер шаарчасы), бир нече ЖОЖ жана илимий коомдор, китепканалар (анын ичинде улуттук), Испания королдор академиясы, Королдук улуттук медициналык академия, Улуттук астрономиялык обсерватория, королдор дарыканасы, театрлар, 100дөн ашык музей (анын ичинде Прадо музейинде Боттичелли, Рафаэль, Тициан, Рубенс, Рембрандт, Гойя, Караважо ж. б. белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган) жана сүрөт галереялары бар. Епископ капелласы (16-к), Сан-Хинес (17-к.), Сан-Исидро-эльРеаль (17-к.), Сан-Франциско-эль-Гранде (18-к.) ж. б. чиркөөлөрү, Пласа-Майор аянтында ансамбль (17-к.) сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган. М-де жылына 2 жолу коррида (букалар урушу) өткөрүлөт. Эл аралык туризм өнүккөн.
Ад.: Мадрид//Все столицы мира: Энциклопедический справочник. М., 2004; Мадрид//Новейший энциклопедический словарь. М., 2006; Нэш Э. Мадрид: история города. М.; СПб., 2007.
