МАДАМИН БЕК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 4-сап: | 4-сап: | ||
<p>Ад.: <em>Клавинг В.</em> Гражданская война в России: Белые армии. М., 2003; <em>Абдуллаханов Ж.</em> Тарки дунё. Таш., 2009.</p> | <p>Ад.: <em>Клавинг В.</em> Гражданская война в России: Белые армии. М., 2003; <em>Абдуллаханов Ж.</em> Тарки дунё. Таш., 2009.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАДАМИН БЕК, Мухаммед Амин Ахмед бек, Мадамин Ахметбеков (1893-20. 5. 1920)- 1918-20-ж. Фергана өрөөнүндө Совет бийлигин орнотууга каршы чыккан корбашылардын бири. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө (к. Үркүн) байланыштуу падыша өкмөтү тарабынан камакка алынып, 1917-жылы Февраль революциясынан кийин бошотулган. 1917- 18-ж. Эски Маргалаң шаарында мусулман жумушчулар профсоюзунун төрагасы, милиция начальниги болуп иштеген. 1918-жылы жай айынан Кызыл Армияга каршы көтөрүлүшкө чыгып, 1919-жылы Фергана өрөөнүн ээлеген. Анын отрядына казак-орустардан куралган К. Монстровдун Дыйкандар армиясы кошулган. 1919-жылы 22- октябрда М. б. башында турган Убактылуу Фергана өкмөтү (Фаргона муваккат мухторият хукумати) уюшулуп, орун басарлыгына Монстров дайындалган. 1920-жылы февралдаМ. б-тин негизги күчү Кызыл Армиянын курчоосунда калган. Натыйжада М. б. мусулман бюросу жана обл. ревкомдун башчысы Н. Хожаев менен тынчтык келишимин түзүп, Совет бийлигин таанууга аргасыз болгон. 20-мартта Түркстан фронтунун командачысы М. Фрунзе менен бирдикте аскер
парадына катышып, башка корбашыларды да Совет бийлигине тартуу сунушуна кошулган. 1920-жылы 5-майда жардамчысы казак орус С. Сухов менен бирге Үч-Коргонго жакын жерде Көр Шерматтын колу тарабынан М. б-тин башы алынган.
Ад.: Клавинг В. Гражданская война в России: Белые армии. М., 2003; Абдуллаханов Ж. Тарки дунё. Таш., 2009.