МАДАЛЫ ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
3-сап: 3-сап:
<p>Ад.: <em>Кененсариев Т.</em> Кыргызстандын Орусияга кара­тылышы. Б., 1997; <em>ошонуку эле.</em> Кокон хандыгы жа­на кыргыздар. Ош, 1997; <em>Зиявуддин Максым (Магзу­ми).</em> Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.</p>
<p>Ад.: <em>Кененсариев Т.</em> Кыргызстандын Орусияга кара­тылышы. Б., 1997; <em>ошонуку эле.</em> Кокон хандыгы жа­на кыргыздар. Ош, 1997; <em>Зиявуддин Максым (Магзу­ми).</em> Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАДАЛЫ ХАН, Мухаммед Али хан, Мадалихан (1810-41) - Кокон ханы (1822-41). Омор хандын уулу, Нарбото бийдин небереси. Ал бийликке нааразы болгондорду дарга астыруу менен ички саясатын баштаган. М. х-дын тушунда Фергана өрөөнү, Памирдин кый­ла бөлүгү, Тоолуу Бадакшан, Каратегин, Көлөп (Куляб), Жызак, Ташкент, Түштүк Казакстан (Түркстан ш-нан Илеге чейин), Кашкар ойдуңу­нун бир бөлүгү Кокон хандыгына карап, Түндүк Кыргызстанда Пишпек, Токмок (1825), Жумгал, То­гуз-Торо (1830) жана Куртка (1832) чептери ку­рулган жана кыргыз бийлерине датка наамын берүү башталган (к. Ажыбек датка, Медет дат­ка). Чыгыш Туркстанга жасаган бир нече жол­ку жортуулу ийгиликтүү аяктап, «гази» (дин үчүн согушкан адам) аталган. 1840-жылы М. х. Бу­хара эмири Насруллага каршы жасаган жортуу­лунда жеңилип калып, Кожент ш-нан айрыл­ган. 1842-жылы Насрулла Коконду ээлеп, М. х-дын башын алып, Кокон хандыгын Бухарага кошул­ду деп жарыялаган. Бирок Нүзүп бий башында турган кокондук кыргыздар Коконду бошотуп, такка Шераалы ханды отургузушкан. Ушул мез­гилде Нүзүпкө таянган Мусулманкул саясий күрөшкө аралаша баштаган.

Ад.: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга кара­тылышы. Б., 1997; ошонуку эле. Кокон хандыгы жа­на кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзу­ми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.