МАГНИТ ТАЛААСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
<p> электр талаасы пайда болот (к. <em>Максвелл теңдемеси).</em> М. т. күч сызыктар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> мүнөздөлөт. Талаанын ар бир чекитинде магнит индукциясынын вектору күч сызыкка жүргүзүлгөн жаныма <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> багытталат. Электр талаасынын куч сызыктарынан айырмаланып, М. т-нын күч сызыктары туюк болот. М. т-нын күч сызыктары ушул талаада аракет этүүчү күчтүн багытын көрсөтөт.</p> | <p> электр талаасы пайда болот (к. <em>Максвелл теңдемеси).</em> М. т. күч сызыктар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> мүнөздөлөт. Талаанын ар бир чекитинде магнит индукциясынын вектору күч сызыкка жүргүзүлгөн жаныма <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> багытталат. Электр талаасынын куч сызыктарынан айырмаланып, М. т-нын күч сызыктары туюк болот. М. т-нын күч сызыктары ушул талаада аракет этүүчү күчтүн багытын көрсөтөт.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГНИТ ТАЛААСЫ - электр-магнит талаасынын бир формасы. Кыймылдагы электр зарядына жана магнит моментине ээ нерсеге аракет этүүчү материянын өзгөчө түрүн түзүүчү күч талаасы болуп эсептелет. М. т-нын булактары - магниттелген заттар, тогу бар өткөргүчтөр жана кыймылдагы заряддуу бөлүкчөлөр. М. т. терминин 1845-жылы 1-жолу М. Фарадей киргизген. М. т. заряддуу микробөлүкчөлөрдүн (электрон, протон, ион) кыймылынын натыйжасында пайда болуп, алардың өздүк магниттик моментине байланыштуу. Кыймылсыз зарядцардын тегерегинде электр талаасы пайда болот. Өзгөрмө электр талаасы да (жылыш токтору) М. т-нын булагы болуп эсептелет. М. т. кыймылсыз заряддарга таасир этпейт. М т. магнит индукциясынын вектору В (к. Лоренц күчү)

жана М. т-нын чыңалышы Н менен мүнөздөлөт. Өзгөрмө М. т. электр талаасынын жана өз кезегинде М. т-нын өзгөрүшүнөн
электр талаасы пайда болот (к. Максвелл теңдемеси). М. т. күч сызыктар менен мүнөздөлөт. Талаанын ар бир чекитинде магнит индукциясынын вектору күч сызыкка жүргүзүлгөн жаныма боюнча багытталат. Электр талаасынын куч сызыктарынан айырмаланып, М. т-нын күч сызыктары туюк болот. М. т-нын күч сызыктары ушул талаада аракет этүүчү күчтүн багытын көрсөтөт.