Э: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
Э л е к т р М-де өлчөнүүчү үлгү, соленоид талаасы, өлчөнүүчү талаа менен салыштырылат. И ндукциялык М. электр-магниттик индукция кубулушуна негизделген. Кванттык М. ядролук магнит резонансына, парамагнеттүү электрондук резонанска, сырткы магнит талаасынын ядросунун же электрондордун магнит моменттеринин эркин процесстерине ж. б. квант эффектисине негизделген. Күчтүү өткөргүчтүүкванттык М. күчтүү өткөргүчтөгү квант эффектилерине негизделген. Г а л ь в ано-магниттүү М. Лоренц күчүнүн таасиринен магнит талаасында кыймыл-аракетке келүүчү электр заряддарынын траекторияларынын ийрилүү кубулушу боюнча иштейт. Иштөө принциби, сезгичтиги түрдүүчө болгон М-лер геофизикада, космос физикасында, магнит химиясында, биофизикада, дефектоскопияда, автоматикада кеңири колдонулат.