МАГМА КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГМА КЕНДЕРИ - Жер кыртышынын терең бөлүгүндө магма сууп катуулануу жана кристалдануу мезилинде пайда болгон кенташтар. Ө. ж-га өтө керектүү минералдарга (темир, хром, ванадий, никель, жез, алмаз ж. б.) бай келет. Магма тектеринин ичинде же анын чет жакаларында жайгашып, ар кандай формада кездешет. М. к. төмөнкү жолдор менен пайда болот: 1) магма сууй баштаганда бири-бирине кошулбаган силикаттуу жана кенташтуу эринди келип чыгат. Мындай процесс ликвация, ал эми андан пайда болгон кендер ликвациялык кенташтар деп аталат. Буга курамында кобальт, платина бар жез-никелдүү кенташтар кирет; 2) магма толук ката элек кезинде кээ бир минералдар магманын түбүнө чөгүп топтолуп, кристаллдаша баштайт. Мындай жол менен пайда болгон кендер сегерегациялык же аккумуляциялык кенташтар деп а_талат. Хром, титан, темир, кимберлит түтүкчөлөрү менен байланыштуу болгон алмаз кендери ушундай жол менен келип чыгат; 3) газга каныккан магма акырындык менен сууп, кристаллдаша баштаганда
андан бөлүнүп чыккан газдар, суу буулары менен бирге кээ бир баалуу минералдар топтолот. Натыйжада гистеромагмалык же соңку магмалык кенташтар - хром, титан-магнетит, апатит, ниобий, тантал пайда болот.