МАГМА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГМА (грекче та^ша - коюу май) - Жердин терең бөлүгүндө пайда болуп, балкып турган ысык масса; ар кандай химиялык элементтерден турган татаал эринди. Курамы негизинен силикаттан туруп, анда суу буулары, күкүрттүү суутек, метан сыяктуу газдар, фосфор, хлор, фтор ж. б-да кездешет. Кээде силикатсыз жегич-карбонаттуу же сульфиддүү түрлөрү кездешет (мисалы, Чыгыш Африкадагы жанар тоолор). Жер кыртышын жиреп чыгып, сууганда М. тектери пайда болот. Эгерде жер бетине көтөрүлүп чыкса, лава
түрүндө агат, жанартоо өзөктөрүндө экструзияларды пайда кылат же майда бөлүкчөлөр түрүндө газ менен бирге жер бетине атылып чыгып, туфтарды түзүүгө катышат. М.' жер бетине жетпей тереңде сууса түрдүү формадагы жана өлчөмдөгү интрузияларга айланат. М. жалпысынан негиздүү (базальт) жана к ы ч к ы лД У У (гранит) болуп бөлүнөт. Базальттын курамында 40-55% 8Ю2, магний, темир, кальций
кездешет. Гранитте 8Ю2 65-78% ке жетет. Жегич металлдар көп санда жолугат. Физикалык касиеттери курамына көз каранды. Температурасы 900- 1200°С. Ар кандай тереңдикте, түрдүү геол. мезгилдерде пайда болгондуктан, орун алуу тартиби, формасы да түрдүүчө. М. жер түпкүрүнүн кайсы бир бөлүгүндө тектоникалык кыймылдардын тийгизген таасиринен, радиоактивдүү элементтердин ажырап бөлүнүшүнөн, ар кандай химиялык реакциялардан, тереңдикте температуранын көтөрүлүшүнөн, басымдын төмөндөшүнөн, физикалык-химиялык тең салмактуулуктун өзгөрүшүнөн, заттардын эриши менен суюлушунан пайда болот. Курамындагы суу буулары, газдар магманы кыймылга келтирип, ал тереңдиктеги боштуктарды, терең жаракаларды толтурат. Акырындык менен сууп, муздап, катуу түргө өтөт. Буга чейин бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болуп, дифференциация процесси жүрөт. Суюк абалда оор элементтер чөгүп, жеңилдери жогору көтөрүлөт. Сууганда түрдүү курамдагы кристаллдуу массага айланат. Үстүнкү бөлүгүндө жегич металлдар менен кремнийден турган кычкыл тектер, асты жагында кальций, магний, темир элементтерине бай негиздүү тектер кристаллдашат. Мененын кристаллдашуу мезгилинде хромит, платина, титан, никель, апатит ж. б. кендер пайда болот. Вольфрам, калай, молибден, сейрек жана чачыранды кендер гранит интрузиясы менен, ал эми халькофилдик элементтер базальт, хром, алмаз ультранегиздүү магма менен байланышкан. М. тоо тектери (гранит, диорит, сиенит, базальт, туф ж. б.) эң негизги курулуш материалы болуп эсептелет.
■Ад.: Магматические горные породы. М., 1983-1984. Т. 1-2; Шкодзинский В. С. Фазовая эволюция магм и петрогенезис. М., 1985.
