МАВРИТАНИЯ ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАВРИТАНИЯ ИСКУССТВОСУ, мавританиялык стиль - 7-8-к-дагы Испаниянын түштүгү менен түндүк Африка өлкөлөрүндө араб басып алуучуларынын маданияты менен жергиликтүү элдин маданиятынын биригишинин натыйжасында пайда болгон искусство. Кээде бул искусствону «магрибдик - батыштык» деп да аташат. Пиреней ж. а-на арабдар басып киргенден кийин «маврлар» деген аталыш жалпы эле мусулман басып алуучуларына тарап кеткен. М. и. үчүн туура уюшулган жана тектоникалык жактан жеткилең жасалгалуу архитектуранын көрүнүктүү үстөмдүгү мүнөздүү. Мавританиялык архитектура мозаика жана орнаменттик кооздуктар менен абдан мол көркөмдөлгөн.
М. и-нда диний архитектура (медресе, мечит) менен бирдикте жарандык (ак сарай, замок) архитектура да жакшы өнүккөн (Альгамбра ак сарай чеби). Архитектурада аркалардын ар түрдүү формалары, сталактит кумпалары, артесонадо шыптары, консолдогу карниздер менен серелер, түсү жана фактурасы боюнча ар түрдүү материалдар (жыгач, ганч, мрамор, витраж) кеңири колдонулган. М. и-нда жасалга-колдонмо өнөрү (пил сөөгү, кездеме, килем ж. б.) маанилүү роль ойногон. Ал эми живопись менен бедизчилик начар өнүккөн, бул адам менен жаныбарлардын сүрөтүн тартканга тыюу салган диний доктринанын тийгизген таасири менен түшүндүрүлөт.
