МААЛЫМАТТЫК КООМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
4-сап: 4-сап:
</p>
</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МААЛЫМАТТЫК КООМ - азыркы доордо со­циалдык экономикалык өнүгүүнүн негизги факторуна айланган концепция; коомдун көпчүлүгү катыш­кан маалымат өндүрүшү башкача айтканда маалымат индуст­риясы. «М. к.» термини 20-к-дын 80-жылдары­нын башында социология илиминде пайда бол­гон. Анын жаралышына компьютерди келечек­теги турмушту жана иш-аракетти жөнгө салгыч катары чагылдырган информатиканын жана ком­мерциялык жарнаманын дүркүрөп өнүгүшү зор көмөк берген. Д. Белл, Е. Масуда ж. б. батыш социологдору М. к-дун идеологдору катары эсеп­телет. М. к. түшүнүгү турмуштун бардык чөй­рөлөрүн өз кучагына алган жалпылоо болуп са­налат: техникалык чөйрөдө - маалыматтык техноло­гияларды коомдун өндүрүш, экономикалык, ишкердик, билим берүү жана турмуш-тиричилик чөйрөлөрүнө кеңири кирет; экономикалык чөйрөдө маалымат товарга айланат; социалдык чөйрөдө маалымат турмуш­тиричилик сапатын өзгөртүүнүн негизги факто­ру болуп калат; саясий чөйрөдө маалымат пи­кир алышууну камсыз кылат жана ар кандай

маа­лыматка эркин түрдө ээ болууга мүмкүндүк бе­рет; маданий чөйрөдө маалымат алмашуу жаңы коомдун керектөөлөрүнө жооп берип, аларга ылайык нормалар менен баалуулуктарды калып­тандырууга жардам берет, к. Постиндустрия­лык коом.