ЛЯОХЭ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЯОХЭ - Кытайдын түндүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1430 км, алабынын аянты 231 миң км2. Чоң Инган жана Жэхэ тоолорунун ашташкан жеринен башталып, басымдуу бөлүгү Сунляо түздүгү аркылуу агат да, Сары деңиздин Ляодун булуңуна куят. Орт. чыгымы төмөнкү агымында 630 л3/секдан ашык. Негизинен жамгыр суусунан куралат; июль-августта кирип, декабрдан майга чейин тонот. Л-нин алабында ташкын көп болот; 1935-жылы болгон алаамат ташкында 17 миң км2 жерди суу каптаган. Суу агымын жөнгө салып туруу максатында Л-нин алабында Дахофан, Эрлуншань суу сактагычтары курулган. Чатынан жогору 40 км аралыкка чейин дениз ташкынын таасири этет. Шуанляо ш-на чейин кеме жүрөт. Чатынан ири дениз порту - Инкоу орун алган.