ЛЮКСЕМБУРГ Роза: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
<p>Ад.: <em>Драбкин Я. С.</em> Четверо стойких: К. Либкнехт, Р. Люксембург, Ф. Меринг, К. Цеткин. М., 1985. </p> | <p>Ад.: <em>Драбкин Я. С.</em> Четверо стойких: К. Либкнехт, Р. Люксембург, Ф. Меринг, К. Цеткин. М., 1985. </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЮКСЕМБУРГ Роза (5. 3. 1871, Полыпа, Замостье - 15. 1. 1919, Верлин) - эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери, Польша, Германия социал-демокр. партиясындагы радикалдуу солчул

агымдын, Экинчи Интернационалдын жетекчилеринин жана теоретиктеринин бири. Л. - «Спартак союзун» негиздөөчүлөрдөн. Германия коммунисттик партиясын (ГКП) негиздөөгө катышкан. Еврей үй-бүлөсүнөн. Гимназияда окуп жүргөндө эле «Пролетариат» партиясына ыктап, революциялык жашыруун иштерге катышкан. 1889-жылы Швейцарияга эмиграцияга кетип, 1897-жылы Цюрих университетин бүткөн. 1898-жылы Германияга келип, Германия социал-демокр. партиясына өткөн. Россиядагы 1905-07-жылдардагы революциянын тажрыйбасына таянып, Германия жумушчу табынын милдеттерин аныктаган, күрөштүн жаны формасы - массалык саясий иш таштоону пропагандалаган. Биринчи дуйнөлук согушта (1914-18) социал-демократтардын жетекчилеринин шовинисттик саясатын сындаган. Л. 1919-жылы январда Берлин жумушчуларынын көтөрүлүшү басылгандан кийин К. Либкнехт менен бирге германиялык контрреволюциянын курманы болгон.
Ад.: Драбкин Я. С. Четверо стойких: К. Либкнехт, Р. Люксембург, Ф. Меринг, К. Цеткин. М., 1985.