ЛЮБЛЯНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЮБЛЯНА - Словения Респ-нын борбору. Словениянын борбордук бөлүгүндөгү Любляна ойдуңун-
да жайгашкан. Крайна тарыхый обл-нун администрациялык борбору. Калкы 257,7 миң (2010; калкынын көпчүлүк бөлүгү орус тилин жакшы билишет). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Славяндардын тургун жайы катары 1144-жылдан белгилүү. 13-к-дын 2-жарымынан шаар. 1335- 1918-жылы (1809-13-ж. мезгил-мезгили менен Иллирий провинциясынын администрациялык борбору) габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1918-жылы Сербдердин, хорваттардын жана словендердин королдугу (1929-92-ж. Югославия) түзүлгөндөн Л. - Словениянын, 1992-жылдан көз каранды эмес Словения Респ-нын борбору. Машина куруу, химиялык, фармацевтика, текстиль, тамак-аш, булгаарыбут кийим, жыгаччылык, кагаз, полиграфиялык ө. ж. ишканалары иштейт. Град сепили (9-19-к.), епископтордун барокко стилиндеги ак сарайы (16-18-к.), Ыйык Якоб (17-к.), урсулинкалардын Ыйык Троица (18-к.) чиркөөлөрү, Ыйык Николай собору (18-19-к.), ратуша (18-к.), Антика Эмон ш-нын калдыктары (5-к.), 16-19- к-дагы архитектуралык эстеликтер сакталган. Арх. И. Плечниктин улуттук колориттеги курулуштары, Революция аянтында ансамбль (1963-75), Словениянын Илимдер жана искусство академиясы, университет (1595), улуттук этногр. музей, улуттук галерея ж. б. бар. Эл аралык ярмаркалар, фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
