ЛЫЖА СПОРТУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛЫЖА СПОРТУ - кышкы спорттун бир түрү. Лыжа катуу жыгач, кайың, желим, жылып жүрүүчү тамандын эки чекеси катуу материал­дардан (бук, эмен, гикарь) даярдалат. Л. с. лыжа менен ар кандай аралыктарга жарышууну (гон­ки), бута атып, лыжа менен жарышууну (биат­лон), лыжанын эки түрүн (жарышуу жана се­кирүү), лыжа менен секичеден (трамплинден) се­кирүүнү, тоо-лыжа спортун, слаломду (желек­челер менен белгиленген атайын трасса аркылуу

тоодон түшүү), чоң слаломду, фристайлды кам­тыйт. Лыжаны спортто алгач норвегдер 1555- жылдан колдоно башташкан. 1767-жылы Л. с-нун бардык түрү боюнча алгачкы мелдеш өткөрүлгөн. 1924-жылы Эл аралык лыжа федерациясы негизде­лип, олимпиялык оюндардын, 1929-жылы дүйнөлүк чемпионаттын программасына киргизилет. Л. с. Кыргызстанда 1920-жылдан массалык түрдө өнүгө баштаган. 1936-жылы Караколдо Л. с. боюнча бирин­чи жолу Кыргыз Респ-нын биринчилиги өткө­рүлгөн. Ата Мекендик согуш учурунда (1942- 44) Ленинграддагы П. Лесгафт атындагы Дене тар­бия институтунун убактылуу Кыргызстанга көчүрүлү­шү, респ-када Л. с-нун өнүгүшүнө чоң түрткү бол­гон. 1962-жылы Кыргызстандын лыжачылары 1-СССР элдеринин кышкы спартакиадасына катышкан. 1962-жылы лыжа тээп жарышуу боюнча бүткүл союз­дук мелдештерге катышып, А. Попов, К. Эсен­баева, А. Клюев СССР спортунун чебери деген наам алышкан.