ЛУТФУЛЛИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛУТФУЛЛИН Сулги (5. 1. 1923, Алматы - өлгөн жылы белгисиз) - Советтер Союзунун Баатыры (1945). 13-ар­миянын кенже лейтенанттык курсун (1945), Ленинград жогорку

соода мектебин (1951) бү­түргөн. 1938-жылдан Өзгөн элдик сотунда өкүм чыгаруу­чу болуп иштеген. 1942-жылы Өзгөн р-ндук аскер комисса­риатынан Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылдан Улуу Ата Ме­кендик согушка катышкан. Истребителдик-танкка кар­шы 493-Беричев полкунун курамында Воронеж жана 1- Украина фронтторунда салгылашкан; орудия командири катары Львов,

Ярославль багытында, Висла д-нын батыш жээ­гинде душмандын 8 танкын, 2 бронетранспор­тёрун талкалаган. 1945-жылы январда Одер д-нын батыш жээгиндеги Герцог-Сбольдау кыш. үчүн салгылашта душмандын 3 танкын, 1 броне­транспортёрун иштен чыгарган. Согуштан кийин Өзгөндө, Анжиянда соода тармагында иштеген. Ленин, эки Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.