ЛУКЬЯНЕНКО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛУКЬЯНЕНКО Павел Пантелеймонович (27. 5(9. 6). 1901, Кубань обл., Иванов станциясы - 13.6.1973, Краснодар ш.) - селекционер, СССР ИАнын (1964), В. И. Ленин атындагы Бүткүл союз­дук а. ч. илимдер академиясынын (1948) акаде­миги. Эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957, 1971). Кубань а. ч. институтун бүтүргөн (1926). 20- к-дын 30-жылдарынан баштап мол түшүмдүү, дат илдетине туруктуу, жогорку сапаттагы ун алынуучу күздүк буудай сортторун чыгаруу боюнча илимий селекциялык иштерди жүргүзгөн. Л. - күздүк буудайдын райондоштурулган 15 сортунун ав­тору. СССР мамлекеттик сыйл. (1946, 1979), Ленин сыйл. (1959) лауреаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.