ЛУИ ФИЛИПП I: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛУЙ ФИЛЙПП I (6. 10. 1773, Париж - 26. 8. 1850, Улуу Британия, Клэрмон) - Франция королу (1830-48). Бурбондор династиясынын Орлеан тукумунан. 18-к-да Улуу Француз революциясынын учурунда атасы герцог Филипп Орлеанский Шартр герцог титулунан баш тартып, Эгалите фамилиясын алган. 1792-жылы австриялыктарга каршы француз революциячыл аскер күчү менен Вальми жана Жемапе кыш-нын алдындагы салгылашууга катышып, 1793-жылы кайра Австрия тарапка өткөн. Ал Швейцария, АКШ, Сицилия ж. б. мамлекеттерде эмиграцияда жүрүп, 1814-жылы Францияга кайтып келген. 1830-жылы Июль революциясынын жеңиши менен «француз королу» деп жарыяланган. 1848-жылы Франциядагы революциядаЛ. Ф. Улуу Британияга качып, ошол жерден өлгөн.