ЛУАНДА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска

ЛУАНДА - Ангола Респ-нын борбору. Атлан­тика океанына Кванза д. куйган жерде жайгаш­кан порт. Луанда провинциясынын администрациялык борбо­ру. Калкы 2,9 миллион (2009). Калкынын саны боюнча Анголадагы эң ири шаар. Эл аралык аэропорту

Шаардын көрүнүшү.

бар. 17-к-дан 19-к-га чейин кул соодалоонун ири борбору болуп келген (португалиялыктар 3 млнго жакын негр кулдарды сатышкан). 1974-жылы көз каранды эместикке ээ болуп, 1992- жылдан Ангола Респ-нын борбору. Л. өлкөнүн саясий, маданий жана финансы ө. ж-нын ири борбору. Нефть ажыратуу, тамак-аш, текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, музыка ака­демиясы, китепканалар, музейлер (анын ичинде Анго­ла, Дунду) бар. Л. португалиялык колониячы­лартарабынан 1575-жылы Сан-Паулу-ди-Луанда де­ген ат менен негиздеген. 1975-жылдан Л. аталат. Сан-Мигел сепили (учурда тарых музейи), 17-к-га таандык форттор, иезуит чиркөөсү (16-к.), храм (1638-жылы чен) сакталган.