ЛОУЭЛЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОУЭЛЛ Роберт (1. 3. 1917, Бостон - 12. 9. 1977, Нью-Йорк) - америкалык акын, котормочу. Лирикасында (жыйнактары: «Лорд Уиринин сепили», 1946; «Этюддар», 1959; «Союз үчүн курман болгондор», 1964; «Күн артынан күн», 1977) автобиографизм менен тарыхты түшүнүүгө умтулуу, өзүн өзү жемелөө, аргасыздык, адеп-ахлакка болгон ишеним чагылдырылган. Соңку ырларында сезимди эркин билдирүү, түйшөлүү, форманын тактыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү, жогорку чеберчилик менен айкалышкан. Ар түрдүү доорлордогу жана өлкөлөрдөгү акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.