ЛОНДОН Жэк: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 5-сап: | 5-сап: | ||
<p>Ад.: <em>Быков В. М.</em> По следам Д. Лондона. М., 1996; <em>Лунина Н. Е.</em> Художественный мир Д. Лондона. М., 2009.</p> | <p>Ад.: <em>Быков В. М.</em> По следам Д. Лондона. М., 1996; <em>Лунина Н. Е.</em> Художественный мир Д. Лондона. М., 2009.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОНДОН Жэк (чын аты-жөнү - Жон Грифф и т; 12. 1. 1876, Сан-Франциско - 22. 11. 1916,

Калифорния штаты, ГленЭллен) - америкалык жазуучу. Калифорния университетинен окуган (1896-97). Түндүк турмушун көрсөткөн «Бөлтүрүк» (1900), «Ата-бабасынын кудайы» (1901), «Аязбалдары» (1902) ж. б. аңгеме жыйнактары жарык көргөн. Л. - «Кар кызы» (1902), «Бабалар үнү» (1903), «Ак азуу» (1906) ж. б. романповесттердин да автору. М. Горькийдин «Фома Гордеев» романын окуган соң (1901) чыгармаларын эзилгендерди коргоо идеясында жаза баштаган. Орус революциясын кубаттап, таптык күрөш жөнүндө публицистикалык макалалар циклин («Таптар согушу», 1905; «Революция», 1910) жазган. Соңку жылдары Л. «Жезтаман» (1908), «МартинИден» (1909, кыргызчасы - 1977) деген романдарды, «Мезгил тынбайт» (1910), «Ай нурлуу өрөөн» (1913), «Үчөөнүн жүрөгү» (1920) ж. б. чыгармаларды жараткан. «Мартин Иденде» Л. жазуучунун «ачуу турмушту сүрөттөөгө, турмушка активдүү катышууга укуктуу экенин көрсөткөн. Л. күжүрмөн жазуучу, тема менен форманын жаңычылы катары кирип, дүйнөлүк адабиятта баштоочулардын бири катары таанылган. Анын китептери дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.
Чыг.: Собр. соч. М., 1998-1999. Т. 1-20.
Ад.: Быков В. М. По следам Д. Лондона. М., 1996; Лунина Н. Е. Художественный мир Д. Лондона. М., 2009.