ЛОМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска

ЛОМЕ - Того Респ-нын борбору (1960-жылдан). Гвинея булуңунун жээгинде Гана мамлекети менен болгон чек арада жайгашкан. Калкы 1,6 миллион (2010; шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Башкы деңиз порту. Эл аралык аэропорту бар. 18-к-дын аягында эве элинин тургун жайынын ордунда пайда болгон. 1-дүйнөлүк согушка че­йин Германиянын ээлиги, кийинчерээк фр. То­гонун администрациялык борбору. Тамак-аш, нефть ажыра­туу, жеңил, пахта тазалоочу ө. ж. ишканала­ры иштейт. Мрамор сайкалдайт. Собор (20-к.), спорт комплекси, аэровокзал, университет, архив, ки­тепканалар, улуттук музей ж. б. бар.

Шаардын жалпы көрү­нүшү.