ЛОКАРНО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1925): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска

ЛОКАРНО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1925) - Рейн пактысы ж. б. бир катар келишимдердин [к. Локарно келишимдери (1925)] түзүлүшүнө байланыштуу Бельгия, Улуу Британия, Герма­ния, Италия, Польша, Франция, Чехословакия өкүлдөрүнүн Локарно шаарында (Швейцария) өткөн эл аралык конференциясы. Л. к-нын демилгечилери антисов. максатты көздөп, СССРге каршы Гер­манияны катыштырууга мүмкүн болгон үч жол: түздөн-түз катышуу, өз жери аркылуу аскерлер­ди өткөрүүгө уруксат берүү, экономикалык санкциялар­ды колдонуу белгиленген. Бирок Германия өкүлдөрү антисов. иштерге катышууга ачык мил­деттенишкен эмес. Анткени алар тышкы саяса­тын өз алдынча жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну, башкача айтканда Раппалъ келишиминин (1922) негизинде Советтик Союзу менен түзүлгөн мамилени буз­боону ойлошкон. Кол салбоо жана бейтараптуу­лук жөнүндө совет-герман келишиминин түзүлүшү (1926) Л. к-нда сунушталган саясаттын анти­советтик багытын кыйла бошоңдоткон.