ЛОГИКАЛЫК ЖАНА ТАРЫХЫЙЛЫК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОГИКАЛЫК ЖАНА ТАРЫХЫЙЛЫК - философия теориясынын өзөктүү түшүнүктөрү. Философия тарыхында Л. ж. т-тын өз ара катышы жөнүндөгү маселеге биринчи жолу Аристотель кайрылган жана булардын катышын акыл-эс менен сезим кабылдоолорунун шайкештиги катары түшүндүргөн. Л. жылы туулган проблемасына кийинчерээк Г. В. Гегель, К. Маркс, А. Грамши ж. б. кайрылышкан. Азыркы кездеги философиялык адабияттарда Л. жылы туулган маселелери ар кыл ыңгайда каралатынча Онтол. аспектте: тарыхыйлык - нерсенин пайда болуу, калыптануу, жетилүү, башкача айтканда бүткүл өнүгүү процессин камтыйт. Ал эми логикалык болсо, нерсенин тарыхын, басып өткөн жолунун кыскартылган, ыраатталган (теориялык) түрдө көрсөтүлүшү. Ошондуктан Л. жылы туулган - тарыхый өнүгүүдөгү объективдүү дүйнө менен анын тааным чагылышынын ортосундагы байланышты мүнөздөөчү философиялык категориялар. Булар - өнүгүүнүн маанилүү жагын, ошондой эле ойлоонун логикалык жүрүшү менен нерсенин реалдуу тарыхынын ортосундагы шайкештикти ачып берүүчү түшүнүктөр.