ЛИТОСТРАТИГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛИТОСТРАТИГРАФИЯ - бөлүккө бөлүү жана корреляция кылуу максатында геол. кесилиш-тердин курамынын литол. өзгөчөлүктөрүн изилдеген стратиграфиянын бөлүгү. Л. термини 1950-жылы АКШда колдонула баштаган. Немис геологу 0. Шиндевольф (1970) Л-ны стратигр. изилдөөлөрдүн баштапкы стадиясына койгон. Л. термини биринчи эл аралык стратигр. сөздүктү даярдоодо (1976) стратиграфиянын биостратиграфияга жана хроностратиграфияга карамакаршы келген өзгөчө бөлүмү катары аныкталган. Л-лык бөлүнүштө төшөлгөн жана жапкан катмарлар литол. белгилер (тек курамы, өңү, катмардуулук мүнөзү, конкреция саны, организмдердин тек пайда кылуучу калдыктары) менен бөлүнгөн чөгүндүлөрдүн кесилиштерин катмарларга жана катмар тобуна бөлөт. Натыйжада чектеш жана бири-биринен алысыраак жайгашкан геол. кесилиштер салыштырылат. Мында маркирленген горизонтторду бөлүү жана байкоо өзгөчө мааниге ээ. Л-лык түрдүү даражадагы бөлүнүштөргө комплекс, топ, формация (негизги бирдик), пачка, пласт ж. б. кирет. Л-лык бөлүнүштөр талаа изилдөөлөрүндө ажыратылып, геол. карта түзүүдө колдонулат.