ЛИТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 9-сап: | 9-сап: | ||
<p>Ф., 1962; <em>Асаналиев У.</em> Литология рудоносности девонских и нижнекаменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974; <em>Япаскурт О. В.</em> Литология. М., 2008.</p> | <p>Ф., 1962; <em>Асаналиев У.</em> Литология рудоносности девонских и нижнекаменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974; <em>Япаскурт О. В.</em> Литология. М., 2008.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛИТОЛОГИЯ (лито... жана логия) - чөкмө тектердин жана учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, пайда болушу, жер бетинде таралышы, өзгөрүшү жөнүндөгү илим. Геология илиминин бир тармагы. 19-к-дын аягы - 20- к-дын башында өз алдынча илим катары калыптанган. Немис И. Вальтер, англис Г. Сорби, француз Л. Кайё, орус илимпоздору А. П. Карпинский, А. Д. Архангельский, Д. В. Наливкин ж. б. Л. илимине зор салым кошушкан.
Л. жер бетинде жана океан-деңиз түптөрүндө журүүчү литогенез процесстеринин маалыматтарына, актуализм принцибине таянат. Стратиграфия, тектоника, палеогеография, тарыхый геология, петрография, климатология, океанология, геохимия, физика, химия, математика илимдери менен тыгыз байланышта.
Чөкмө тектерге генезистик жана фациялык талдоо жүргүзөт. Ар кандай формацияларга ажыратат. Чөкмө тектер менен кен байлыктардын пайда болушундагы геол., тектоникалык, палеогеогр., физикалык-химиялык процесстерди изилдейт. Кен байлыктардын жер кыртышында орун алуу жана таралуу закон ченемдүүлүгүн аныктайт. Литогенез теориясын өркүндөтөт. Ошондой эле байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген тектердин, геосинклиналдуу аймактардагы жанартоо-чөкмө тектеринин литол., палеогеогр., металлогениялык, палеофациялык өзгөчөлүктөрү боюнча иш жүргүзөт. Л. илиминин негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) геол. объектилерди (тоо тектери, геол. түзүлүштөр ж. б.), табигый кубулуштарды (жанартоолордун атылышы, океандеңиз түптөрүнө чөкмөлөрдүн чөгүшү, гипергенез ж. б.) байкоо; 2) лабор. изилдөөлөрдү, эксперимент иштерин жүргүзүү; 3) лабор. изилдөөлөр менен геол. байкоолордон топтолгон материалдарды жыйынтыктоо, маалыматтарды илимий багытта талдоо.
Кыргызстанда М. М. Адышев, В. М. Попов, Ү. Асаналиев, К. Е. Калмурзаев ж. б. окумуштуулар Л. илимине зор салым кошту. Чөкмө тектер боюнча атайын комйссияга 1979-жылы чейин М. М. Адышев жетекчилик кылды.
Ад.: Рухин Л. Б. Основы литологии. М., 1953; Адышев М. М„ Калмурзаев К. Е„ Королёв В. Г. К стратиграфии кембро-ордовикских отложений СарыДжазского района (Центральный Тянь-Шань). Материалы по геологии Тянь-Шаня. В. 3 (Стратиграфия).
Ф., 1962; Асаналиев У. Литология рудоносности девонских и нижнекаменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974; Япаскурт О. В. Литология. М., 2008.