ЛИВИНГСТОН Давид: нускалардын айырмасы
м (Kadyrm багыттама калтырбастан «ЛЙВИНГСТОН» барагын «ЛИВИНГСТОН Давид» деп кайра атады) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title"> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛИ́ВИНГСТОН </strong>Давид (19. 3. 1813, Шотландия, Ланарк графтыгы, Блантайр - 1. 5. 1873, Замбия, Читамбо кыш.) - англ. саякатчы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> миссионер.[[File:ЛЙВИНГСТОН_1.jpg|thumb]] Алгач 1841-ж. <abbr data-short="Түш." data-full="Түштүк" data-extended="true">Түштүк</abbr> Африкага бир нече жолу саякат жасап, Нгами көлүн (1849) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Замбези д-н ачкан. 1852-ж. Кейптаундан <abbr data-short="Борб." data-full="Борбордук" data-extended="true">Борбордук</abbr> Африканын батышына (1852-56) улуу саякатын жасап, Виктория шаркыратмасын тапкан. 1855-ж. Улуу Британияга кайткан. Атлантика океанынан Инди океанына барыш үчүн алгачкылардан болуп <abbr data-short="Түш." data-full="Түштүк" data-extended="true">Түштүк</abbr> Африканы кесип өткөн. Чыгыш Африка зонасындагы жаракага биринчи <abbr data-short="ил." data-full="илимий" data-extended="true">илимий</abbr> изилдөө жүргүзгөн. <abbr data-short="Түш." data-full="Түштүк" data-extended="true">Түштүк</abbr> Африканын этнографиясына зор салым кошкондордун бири. Замбези, Окаванго, Луалаба д-нын алаптарын, Ньяса, Ширва, Бангвеулу, Танганьика (батыш жээгин) көлдөрүн изилдеген. 1866-ж. акыркы жолу Африкага келип, Нилдин башатын изилдеген экспедицияны жетектеген. Англияда Л-дун тирүү же өлүү экенин 5 жылга жакын билишкен эмес. Аны 1871-ж. саякатчы Генри Стэнли Танганьика көлүнүн батыш жээгиндеги Ужижи посёлкасынан тапкан. Катуу ооруп жаткандыктан, Европага кайтуудан баш тарткан. Дүйнөдөн кайткандан кийин Л-дун сөөгү мекенине алынып келинип, Вестминстер аббатчылыгына коюлган. Анын атынан Замбезидеги шаар, шаркыратма, Конго д-ндагы босого, Чыгыш Африкадагы тоо аталган.</p><p>Ад.: <em>Вотте Ю.</em> Д. Ливингстон. М., 1984.</p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
20 октябрь 2026, саат 04:32 учурдагы соңку нуска
ЛИ́ВИНГСТОН Давид (19. 3. 1813, Шотландия, Ланарк графтыгы, Блантайр - 1. 5. 1873, Замбия, Читамбо кыш.) - англ. саякатчы жана миссионер.

Алгач 1841-ж. Түштүк Африкага бир нече жолу саякат жасап, Нгами көлүн (1849) жана Замбези д-н ачкан. 1852-ж. Кейптаундан Борбордук Африканын батышына (1852-56) улуу саякатын жасап, Виктория шаркыратмасын тапкан. 1855-ж. Улуу Британияга кайткан. Атлантика океанынан Инди океанына барыш үчүн алгачкылардан болуп Түштүк Африканы кесип өткөн. Чыгыш Африка зонасындагы жаракага биринчи илимий изилдөө жүргүзгөн. Түштүк Африканын этнографиясына зор салым кошкондордун бири. Замбези, Окаванго, Луалаба д-нын алаптарын, Ньяса, Ширва, Бангвеулу, Танганьика (батыш жээгин) көлдөрүн изилдеген. 1866-ж. акыркы жолу Африкага келип, Нилдин башатын изилдеген экспедицияны жетектеген. Англияда Л-дун тирүү же өлүү экенин 5 жылга жакын билишкен эмес. Аны 1871-ж. саякатчы Генри Стэнли Танганьика көлүнүн батыш жээгиндеги Ужижи посёлкасынан тапкан. Катуу ооруп жаткандыктан, Европага кайтуудан баш тарткан. Дүйнөдөн кайткандан кийин Л-дун сөөгү мекенине алынып келинип, Вестминстер аббатчылыгына коюлган. Анын атынан Замбезидеги шаар, шаркыратма, Конго д-ндагы босого, Чыгыш Африкадагы тоо аталган.
Ад.: Вотте Ю. Д. Ливингстон. М., 1984.