ЛИСТЕРИОЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИСТЕРИОЗ (Ыз^егюзхз) - малдын борбордук нерв системасынын сезгенүүсүнөн пайда болгон жугуштуу ылаңы. Көп учурда жатынын жана желинин сезгентип, мал бала салат. Ылаң козгогучу (Ыз^егча топосуЪо^епез) - полиморфтуу, таякча түрүндөгү бактерия. Ал өлгөн малдын тарпында 4 айга чейин, жер кыртышында, кыкта, короо-жайларда 11 ай, чөптө 20 күнгө чейин, көлмө сууларында 1 ж. чейин сакталат. Ылаңдаткыч лизолдун 5%түү, хлордуу акинин 3%түү эритмелеринде 10 мүнөттө жугушсуздандырылат. Л. менен кой, эчки, бодо мал, чочко, жылкы, коён, тоок, күрп ыландайт. Кыргызстанда Л. менен көбүнчө кой ылаңдайт. Ыландын букма мезгили 7—30 күн. Ыландаган койдун табити начарлайт, уйкусурайт, көзүнүн тегереги, каңылжаары сезгенет. 1-2 күндөн кийин айланбаштанып, калчылдайт, мойну бир жагына кыйшайып, тарамышы түйүлөт, көзү көрбөй калат. Ушундай абалы бир нече сааттан 10 күнгө чейин созулуп, акырында өлүшү мүмкүн. Бодо малда койлорго караганда жеңилирээк өтөт. Диагноз эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанат. өзгөрүүлөрдүн, бактериол. жана серол. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Л-го каршы биомицин, тетрамицин, тетрациклин жакшы натыйжаларды берет. Л. аныкталган чарбага карантин коюлат. Ыландуу мал турган жайлар тазаланып, жегич натрийдин 3%түү ысык эритмеси, өчүрүлгөн акиташтын 20%түү эмульциясы, 5%түү активдүү хлору бар хлордуу акиташ менен дезинфекцияланат.