ЛИРИКАЛЫК ЧЕГИНҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИРИКАЛЫК ЧЕГИНҮҮ - автордун эпикалык же лирика-эпикалык чыгармаларындагы сүрөт­төлүп жаткан предметке карата тике мамиле­син жана баасын туюнткан сөзү. Л. ч. компози­ция каражаттарынын бири катары идеалдуу көз карашты тутунган автор-баяндоочунун образын көркөм чыгармага кийирет, окурман менен автордун орто­сундагы эмоциялык мамилени чыйрал­тат. С. Эралиев «Ак Мөөр» поэмасында Мөөр менен Болоттун таза сүйүүсү жөнүндөгү ойду терендетүү мак­сатында төмөндөгү­дөй чегинүү жасаган: Сүйүү, сүйүү! Укса канбас сыры бар, Ойду ойлонтуп

ку­марланткан ыры бар. Чылгый таза ынактык­тан жаралган, Жалыны бар чалпоо сезим жы­лынар. Сүйүү деген токсон кырлуу эмеспи, Кы­йын чыгар, билиш анын кырын ар! Кээде ыза­лап, кээде шаттык күчөткөн, Бул да сенин демиң беле, сулуу жар?..