ЛИРИКАЛЫК ЧЕГИНҮҮ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИРИКАЛЫК ЧЕГИНҮҮ - автордун эпикалык же лирика-эпикалык чыгармаларындагы сүрөттөлүп жаткан предметке карата тике мамилесин жана баасын туюнткан сөзү. Л. ч. композиция каражаттарынын бири катары идеалдуу көз карашты тутунган автор-баяндоочунун образын көркөм чыгармага кийирет, окурман менен автордун ортосундагы эмоциялык мамилени чыйралтат. С. Эралиев «Ак Мөөр» поэмасында Мөөр менен Болоттун таза сүйүүсү жөнүндөгү ойду терендетүү максатында төмөндөгүдөй чегинүү жасаган: Сүйүү, сүйүү! Укса канбас сыры бар, Ойду ойлонтуп
кумарланткан ыры бар. Чылгый таза ынактыктан жаралган, Жалыны бар чалпоо сезим жылынар. Сүйүү деген токсон кырлуу эмеспи, Кыйын чыгар, билиш анын кырын ар! Кээде ызалап, кээде шаттык күчөткөн, Бул да сенин демиң беле, сулуу жар?..