ЛИННЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИННЕЙ Карл (23.05. 1707, Росхульт - 10. 1. 1778, Упсала) - швед табият изилдөөчүсү. Па­риж ИАнын мүчөсү (1762). Л. табият жана медициналык

билимди Лунд жана Упсала университеттеринен алган. 1738- жылдан Стокгольмдо врач болуп иштеген. 1739-ж. де­ңиз госпиталын жетектеп, өлүм себептерин билүү үчүн өлүктү союп көрүүгө уруксат алган.

Швед ИАны түзүүгө активдүү катышып, анын 1- президенти болгон (1739).

1741-жылдан Упсала университетинде кафедра баш­чысы, медицина менен табият тануудан сабак бер­генетикалык Л. түзгөн өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн системасы 18-к-дын 1-жарымында­гы зоолог, ботаниктердин зор эмгектерин жы­йынтыктаган. Л. «Жаратылыш системасы» де­ген эмгегинде (1735-ж.) бинардык номенклату­раны, (1 түрдүн аталышы латынча 2 сөздөн - уруу жана түрдүн атынан) колдонгон. Ал мор­фол. жана физиол. белгилерге таянып, «түр» де­ген түшүнүккө аныктама берген; систематика­лык категориялар (класс, түркүм, тукум, уруу, түр ж. б.) өз ара бири-бирине баш иет деп да­лилдеген. Л. өсүмдүктөрдү классификациялоо­до өсүмдүктүн бир, эки же көп үйлүүлүгүн, эне­лигин жана аталыгын, көлөмүн, санын жайга­шуусун негиз кылып алган. Ушул принциптин негизинде Л. өсүмдүктөрдү 24 класска бөлгөн. Өзү 1500 түрдү ачып, сыпаттап жазган. Жаны­барлар дүйнөсүн 6 класска: сүт эмүүчүлөр, куш­тар, амфибиялар, балыктар, курттар жана курт­кумурскалар деп бөлгөн. Бул классификацияда адамды жаныбарлар дүйнөсүнө, сүт эмүүчүлөр классына, приматтар түркүмүнө киргизгендиги, бул системанын мыкты жагы болуп эсептелет. Л. органикалык дүйнөнүн тарыхый өнүгүүсүнө каршы бо­луп, түрдүн саны жаралгандан туруктуу жана өзгөрбөйт деп эсептеген. Бирок Л-дин жыйна­ган бай тажрыйбасы, ар кайсы жердеги өсүмдүк­төр менен таанышуусу, анын метафиз. көз кара­шына таасирин тийгизбей койгон эмес. Кийинки эмгектеринде бир урууну түзгөн бардык түрлөр бир түрдөн келип чыккандыгын жана түрлөрдүн өз ара аргындашуусунан жаңы түр пайда болу­шу мүмкүн экендиги жөнүндөгү пикирин өтө сак­тык менен билдирген. Л. көп өсүмдүктөрдүн уулуу жана дары касиеттерин ачкан. Ал ботаника жана зоология боюнча, ошондой эле теориялык жана практикалык медицина боюнча эмгектердин автору.

Ад.: Бобров Е. Г. К. Линней. Л., 1970.