ЛИМОНЙТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИМОНЙТ (грекче (егтоп - нымдуу шалбаа, саздак жер) - үч валенттүү темир кычкылынын аралашмасынан (гетит, гидрогетит, гидрогематит, лепидокрокат) турган минерал. Кристаллдуу же аморфтуу түзүлүшкө ээ. Химиялык формуласы РеО(ОН)п’Н2О. Мында Ре2О3 89,9%ке жетет. Ромб системасында кристаллданат. Өңү-түсү кара күрөң, күрөң, саргыч күрөң, саргыч. Катуулугу 1-5,5. Салыштырма салмагы 2,72-4,3. Экзогендик шартта пириттин, курамында темир элементи бар сульфиддер менен силикаттардын ажырашынан пайда болот. Жаратылышта кычкылдануу зонасында («темир калпакчада»), латерит же саз кени түрүндө кездешет. Темир өндүрүлөт, боёк жасалат.