ЛИМОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИМОН, П у э р т о-Л и м о н - Коста-Рикадагы шаар. Лимон провинциясынын администрациялык борбору. Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 67,5 миң (2010; шаар айланасы менен 100 миң); чоңдугу жана калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Сан-Хоседен (т. ж. аркылуу байланышат) кийинки 2-шаар. 1871-ж. негизделген. Шаардын экономикасынын негизин транспорт жана логистика кызматы түзөт. Л. - өлкөнүн сырткы соодасын жүргүзүүчү башкы порт. Сыртка негизинен банан, кофе, жыгач жана электроника ө. ж-нын продукциясын чыгарып, сырттан нефть (Венесуэла менен Мексикадан), машина жана анын жабдууларын, химиялык продукция (анын ичинде жер семирткичтер) алат. Жеңил, тамак-аш жана жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Туризмдин борбору.