ЛИЛИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИЛИЯ (ЬПшт) - өсүмдүктөрдүн лилиялар ту­кумундагы уруусу. Пияз түптүү көп жылдык чөп.

Жалбырагы сабагына тегерете же кезекте­шип жайгашкан. Гүлү түрдүү түстө, түтүктөй же коңгуроодой түзүлүштө, диаметри 13-15 см. Көпөлөк аркылуу жана өзүн-өзү чан­даштырат. Ай­рымдарынын жал­бырак колтугунда вегетациялык кө­бөйүү милдетин аткаруучу бүчүр калыптанат. Мө­мөсү - көп урук­туу кутуча. Түндүк

жарым шардын мелүүн алкагында, көбүнчө то­койлуу жана ачык тоо капталдарында 90дон ашык түрү өсөт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бө­лүгүндө, Кавказда, Сибирде, Ы. Чыгышта 21 түрү таралган. Кыргызстанда жапайы түрү кездешпейт. Л-нын бардык түрү - кооз өсүмдүк. 2000ден ашык сорту өстүрүлөт.