ЛИКУРГ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИКУРГ (Ьукиг£оз, биздин заманга чейинки 9-8-к.) - легендарлуу спарталык мыйзам чыгаруучу. Айрым окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Л. жөнүндө так маалыматтар жок. Биздин заманга чейинки 5-4-к-дагы грек авторлору Л-ду Спартанын коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн (герусия, апелла, Спартадагы жер бөлүштүрүү ж. б. институттарды) түзгөн жана лакон жерин экиге бөлүп, чоң жерди спартиаттарга, майдасын периэктерге берип, элдик чогулушту (апеллалар) негиздеген деп эсептешкен. Л-дун доорун кайра жаратуу максатында биздин заманга чейинки 3-к-да падышалар Агис IV жана Клеомен III реформа жүргүзүшкөн. Азыркы учурда Л. гректер ойлоп чыгарган адам катары саналат.
Ад.: Печатнова Л. Г. История Спарты (период архаики и классики). СПб., 2001; Фролов Э.Д. Рождение греческого полиса. СПб., 2004.