ЛИВЕРПУЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИВЕРПУЛ, Ливерпуль - Улуу Британиядагы шаар. Англиянын түндүк-батышында. Мерсисайд метрополитен графтыгынын администрациялык борбору. Мерси д. Ирланд денизине куйган жеринде жайгашкан порт (жылына 11 миллион тга жакын жүк ташылат). Калкы 452,8 миң (2010). Фонд жана товар биржалары иштейт. Кеме куруу жана ремонттоо, түстүү металлургия, химиялык, электртехникалык, авиа жана автомобиль куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттер (1881), шаар музейи, театрлар, Уокер сүрөт галереясы бар. Алгач 1191- жылдан эскерилет. Классицизм стилиндеги госпиталь жана ратуша (18-к.), көптөгөн ишкер жана соода жайлары (19-20-к.) бар. Фестивалдар өткөрүлүп турат. Л. 1960-70-жылдары поп жана рок музыкасынын дүйнөлүк борбору («Витлз» ансамблинин катышуучулары ливерпулдуктар)болгон.