ЛЁРМОНТОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЁРМОНТОВ Михаил Юрьевич [3(15). 10. 1814, Москва - 15(27). 7. 1841, Пятигорск, сөөгү Пенза губерниясындагы Тархан кыш-на коюлган] - орус акыны. 1828-30-ж. Москвадагы ак сөөктөр пансионунда, 1830-32-ж. Москва университетинде окуган. Петербургдагы гвардиялык подпрапорщиктердин мектебин бүткөн (1834). Пансиондо «Черкестер» (1829), «Кавказ туткуну» (1829) аттуу туңгуч поэмаларын жазган. Университетте окуган жылдары В. Г. Велинский, Анын Ичинде Герцен, Н. П. Огарёвдор менен ымалада болушу анын коомдук көз карашына таасир тийгизген. Бул кезде «Испандар» (1830), «Кызыктай киши» (1831), «Маскарад» (1835) драмаларын, «Монолог», «Күн келет...» ж. б. ли-

рикалык ырларын жараткан. 1837-ж. «Акындын өлүмү» (А. С. Пушкиндин өлүмү жөнүндө) аттуу ыры үчүн камакка алынып, Грузияга сүргүнгө айдалган. Л-дун чыгармачылыгындагы реалисттик чеберчилик, коомдук-психол. мазмундунтереңдиги «Биздинзамандынкишиси» (1940) романында айкын чагылдырылган. Бул роман - Л-дун реализминин туу чокусу. 1840-ж. Николай 1нин буйругу менен Л. экинчи жолу Кавказга айдалган. Кавказда (Пятигорск ш.) жүргөндө душмандары уюштурган Н. С. Мартынов менен эрөөлдө каза болгон. Л-дун чыгармачылыгы декабристтердин көтөрүлүшү басылгандан кийин өнүккөн. Турмуштан көнүл калгандык, эркин, тынчы жок адам жөнүндөгү идеал анын алгачкы романтикалык ырларында жана лирикаларында («Ой», «Көңүлсүзда, капалуу да», «Пайгамбар» ырлары; «Мцыри» поэмасы, 1839; «Маскарад» драмасы, 1835) жеткилең баяндалган. Л-дун көп чыгармаларына жарандык пафос, патриоттук сезим таандык (бүтпөй калган социалдык-тарыхый романы «Вадим», 1832-34; «Бородино», «Акын», «Мекен» ырлары). 1839-ж. жазып бүткөн «Демон» поэмасында турмуштун дүйнөлүк түзүлүшүнүн адилетсиздигине каршы турган инсандын идеяларын, жалгыздык трагедиясын ачып берген. Акындын лирикасында коомдукжарандык, философиялык жана адамдын керт башына таандык мотивдер жуурулушкан. Өмүрүнүн акыркы айларында «Мекен», «Аска», «Талаш», «Баракча» сыяктуу бийик пафостогу ырларды жазган. Л-дун чыгар-ларына Н. А. Некрасов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой, Ф. М. Достоевский таасирленген, ошондой эле совет поэзиясына (Атап Айтканда Блок, В. В. Маяковский) да таасири тийгенетикалык Кыргыз акын-жазуучулары да Л-дун чыгларына кайрылышкан. 1925-ж. К. Баялинов которгон «Үч курмасы» - кыргыз совет көркөм котормосундагы туңгуч тажрыйба. Кийин анын дагы бир нече чыгармасы кыргызчаланды. Л-го арнап кыргыз акындарынын бир тобу ырлар жазган. Ал ырлар «Арноо» деген ат менен 1964-ж. өзүнчө китеп болуп чыккан. Пенза обл-ндагы Лермонтов кыш-нда жана Пятигорск ш-нда акындын эстелик үйү бар.
Чыг.: Полн. собр. соч.: В 10 т. М., 1999-2002.
АцЛермонтовская энциклопедия. М., 1999; Захаров В. А. Летопись жизни и творчества М. Ю. Лермонтова в оценке русских мыслителей и исследователей. СПб., 2002; Висковатый П. А. М. Ю. Лермонтов: биография. М., 2004; Библиографический указатель. СПб., 2007.