ЛЕПТОСПИРОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕПТОСПИРОЗ (Еер!озр1гоз1з) — малдын жана адамдын жугуштуу ылаңы (оорусу). Малдын денесин саргартып, былжыр кабыкчаларын жана терини өлүү ткандарга айлантып, кан сийдирип, тез арыктатат. Л. табигый очоктуу жугуштуу ооруларга кирет. Ылаң козгогучу — лептоспираны бакма жана жапайы айбандар, өзгөчө кемирүүчүлөр (чычкан, келемиш, суур) алып жүрөт. Алардын денесинде козгогуч вируленттүүлүгүн жоготпой, көпкө сакталып, сыртка сийдик менен бөлүнүп чыгып, жем-чөптү, сууну, төшөлгөнү, топуракты булгайт. Л. кой-эчкилерде көбүнчө жаз, жай айларында кездешет. Кыргндын шартында өзгөчө козуларда кеңири таралатынча Ылаңдын жашыруун мезгили - 2—17 күн.
Л. катуу кармайт жана өнөкөт өтөт. Ылаң катуу кармаганда малдын денеси ысыйт, деми кыстыгат, көпчүлүк учурда шайы бошойт же демигет, сырткы былжыр кабыкчалары саргайып, сийдиги кызыл же күрөң түстө болот, чычкактайт, кежигесин тартып, 12-48 сааттын ичинде өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Л. өнөкөт өткөндө ылаң 2—3 айга созулушу мүмкүн. Ылаң чыккан чарбага карантин коюлат. Ылаң чыккан короосарайлар тазаланып, 2%туү активдүү хлору бар хлор акиташы, жегич натрийдин 2%түү ысык (70- 80%) эритмеси, 3%түү күкүрт карбол аралашмасы, 5%түү креолин эмульсиясы, формалиндин 2% түү эритмеси менен дезинфекцияланат.