ЛЕОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕОН, Сантьяго-де-лос-Кабальерос-де-Леон - Никарагуадагы шаар. Леон департаментинин администрациялык борбору. Тынч океандын түндүк жээгинде жайгаш­кан. Калкы 145,2 мин (2010); өлкөдөгү калкы­нын саны боюнча Манагуадан кийинки 2-шаар. 1524-ж. испаниялык конкистадор Ф. Э. Кордоба тарабынан негизделген. 1609-ж. жер титирөөдөн талкаланган. Шаардын эски бөлүгүнүн калды­гы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­гизилген. 1820-52-ж. көз каранды эмес Ника­рагуанын борбору болгон. Бир кабаттуу шаар­дын тарыхый курулуштары, кафедралуу собор (18-к.), Сан-Хуан-Баутиста-Сутиаба (17-к.), Сан­Франсиско (17-к.) ж. б. чиркөөлөр, епископ ак сарайы сакталган. Булгаары, текстиль жана та­мак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Металл өндүрүшү (медицина столдору, идиш-аяк, газ пли­та), а. ч. техникалары, самын жана кир кетирүүчү каражаттар чыгарылат. Илим-изилдөө мекемелери, улуттук жана христиан автономия университеттери бар.