ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ - УлууАта Мекендик согуш жылдарында немис аскерлери шаарды жок кылуу максатында Ленинград ш-н (к. Санкт-Петербург) курчоого алышы. Ленинград салгылашында (1941-44) германиялык аскерлер оор жоготууга учураганына карабастан, 1941-ж. 8-сентябрда Шлиссельбургду басып алып, Ленинградды кургактыктан бөлүп салууга жетишкен. 872 күнгө созулган Л. б. башталып, блокада учурунда шаарга 150 миңдей сна-
ряд, 107 миңден ашуун күйүүчү жана фугастык авиабомба түшкөн, шаарды аткылоодон, бомбалоодон жана ачкачылыктан 642 миңден ашуун (кээ бир маалыматтар боюнча 840 миң) адам өлгөн. Шаар жетекчилери, Ленинград фронту жана Балтика флотунун командачылары Ленинградды душмандардан коргоо чараларын (негизги ишчаралардын бири - «сталин» линиясы) көргөн.
Шаар аймагына 4,1 миңден ашуун дот жана дзот курулуп, көчөлөргө баррикадалар орнотулган. Курчоодо калган ленинграддыктарга бүткүл совет эли жардам берген (к. Ленинград-Кыргызстан достук байланыштары). 1941-ж. 12-сентябрдан 1942-жылдын октябрына чейин Ладога көлү (22-ноябрдан тоңгон Ладога көлүнө автомобиль жолу салынып, «Өмүр жолу» деп аталган) жана аба флоту аркылуу шаарга керектүү кийим-кече, азык-түлүк жеткирилип, шаардан айрым завод-фабрика жабдуулары эвакуацияланган. 1944-ж. 27-январда Ленинград ш. курчоодон бошотулуп, 3 миллион шаар калкынан 560 миң киши гана шаарда калган. Фашисттик баскынчыларга каршы салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн шаар Ленин ордени менен сыйланып (1945-ж. 26-январь), Ленинградды коргоодо курман болгондордун урматына Пискарёв жана Серафимов мемориалдык ансамблдери тургузулган. К. Алымкулов.
